Акын Эрнис Асек уулун эстеп

“Куркулдайдын уясындай тар бөлмө,

Кучагымда Акылайым бар бөлмө.

Бир бурчунда Кундуз жууруйт камырын,

Бир бурчунда Турар жазат жаңы ырын”

Азыркы учурда мен жашаган Швейцарияда төгүлүп, тамшантып ыр жазгандар азайып демек поэзия өлүп баратканын өздөрүнүн адабиятчылары айтышууда. (Бул боюнча кененирээк кийинки “Көк дептерде” кеп кылабыз). Бул албетте жакшы эмес, буга ар кыл себеп жана доорлор болот экен. Менин катуу сүйүнгөнүм Швейцарияныкындай экономикабыз, банктарыбыз өспөгөнү менен Поэзиябыз дале табында, дале күчүндө. Биз демек жашоодо алдыдабыз. Кыргыздын эргүүсү күчтүү. Демек биздин талант алдыда. Эмне үчүн акын Турардын ушул ырын келтирдим? Анткени ушул төрт сап менен Турар бүтүндөй кыргыз акын жашоосунун так сүрөтүн, абалын, шартын берип тур. Ошентсе да өзүндөй дөө акын, тоо акындар, алп акындар жаралганын айтып тур. Азыр да шартыбыз ошондой, куркулдайдын уясындай бирок ошого карабай мейли жаштардан, мейли орто жаштардан, мейли улуу жаштагыбыздан поэзия оргуп чыгып атат жаралып. Ооба, өтө зор ашуу менен бийикти багынтып атпаса да башкаларчылап поэзиябыз өлгөн жок, токтоп калган жок. Мен ушуга сүйүнөм!Жолон менен Калмурат“Үлпөтүңдө олтургандын баарысы Келип бербейт катаал күндө кайгыңда…”Муну акын Жолон жазган, обончу Калмурат обонго салган. Тойго барасың, тойго чакырасың. Сен тизме кыласың, башкалар да тизме кылат. Жашоо ушундай. Турмуштун өзү ушинтип жүрөт, ушинтип кыймылдайт. Тизмеде болосуң, кээде болбойсуң, кээде чийилесиң… а кээде жөн гана эстелбейсиң. -Бир ирет даам сызган жерге карыздарсың, дейт. -Миң ирет салам айт, дейт. Ушундай кеп бар. Үлпөтүңдө олтургандар менен жылдар өтсө да учурашчу болосуң. Анткени дасторкон наркы ушунда. Баркы, баасы ошондой. Дасторкон кошот адамды. Жакындатат. Жылдызын, назарын калтырышат адамдар бир-бирине. Үлпөтүңдө олтургандар сен үчүн падышалар. Үлпөттө олтургандар көп милдетти артынышкан адамдар. Өзү үчүн, сен үчүн, эреже үчүн. Үлпөтүңдө олтурганды мен үчүн кубанат деп, мен үчүн кайгырат деп, мен үчүн оордукту көтөрөт деп бил. Сен ошентип бил. А алар өздөрү билет өз чындыгын. Үлпөттө олтургандар эсиңде а балким жүрөгүңдө калчулар. Катаал күндө кайгыңда кимдер болот, кимдер келет ал келечекке маселе. Сен ошол күнү, кечээки эмес, эртеси эмес ошол күнү жашагын алардын ортосунда, ойлорунда, алдында. Калганы сага карабайт. Ушул ыр акын Жолондуку, обон салган – Калмурат.Акын Алик Акималиев: “Эч кимге акындык тагдыр каалабайм…” деп, акындыктын азап-тозогун, ысык-суугун кыйыткан. Мамат аке менен сүйлөшүп атып айтып тур: “Поэзия бул – сулуу аял сыяктуу. Ал сенин жарымыңан ылдый же жарымыңдан өйдө каалабайт, ал сени бүтүндөй каалайт” деп. – Кээде бүт аалам келет, жазып үлгүрбөйсүң. Кээде эч кандай илхам, идея келбей калат. Өзүңдү өзүң асып салгың келет…” деп. Деп атса поэзиянын, чыгармачылыктын бар ысык-суугу денеңе тийет дирт этип. Бүгүн Эрнистин, маркум досубуз Эрнис Асек уулунун жылдыгы экен. Акын Алик “каалабаган” акындык Эрниске да буюрган. Эмне үчүн каалабаганын ошондо түшүнөсүң. Чыныгы акындык бул айлыгыңдан айлыгыңа жетип коюп, башка салганды көрүп коюп, уйку келсе уктап коюп күн өткөрө берген жан болбойт тура. Алар энесинен бир жаралып кайра өзүнөн өзү миң жаралып жашайт тура. А жаралуунун азабы канча! Жаратуунун азабы канча! Эрнис жарымынан ылдый же өйдөкүсү эмес өзүн бүтүндөй поэзияга, жазууга, окууга, өмүр менен өлүмдүн учкундарына, алптар менен кошо ойлошкон философияга берилген, арнаган жан эле. Бир жыл болуптур кеткениңе. Анан беш жыл болот, анан элүү, жүз жыл болот. Чексиздикке кетүү деген ушулбу!? Кыстырма: Башында Турардын ырында туура эмес сап болсо билгендер айтып койгула. Мен эсимдеги боюнча эле жазып койдум. Менимче туура.

Жеңишбек Эдигеев, Женева шаары

Read Previous

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровдун инаугурацияда сүйлөгөн сөзү

Read Next

“Кыргызпатентти” башка бир министрликтин карамагына өткөрүү маселеси бир күндө эле чечилип калабы?!

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *