Алим Таштан: Кара -Куупай өстүрсөк Күмтөрдөн, Жетим Тоодон көп пайда түшөт

Кыргызстанда Кара -Куупай өстүрсөк Күмтөрдөн, Жетим Тоодон көп пайда түшөт. Мындай пикирин блогер Алим Таштан сунуштады

“Кыргызстанда-башка мамлекеттер менен конкуренция боло турган айыл чарба продукциясы жокко эсе. Ошол себептен мен, Президентке, айыл чарба министрине жана өкмөткө кара куурайды (конопля, каннабис) өндүрүп баштоону сунуш кылмакмын’, – деди ал.

Анын айтымында, өндүрүштүк кара куурайдын курамында, наркотикалык заттар жокко эсе же болбосо 0,01%, ошол себептен аны чеккен адамга эч таасир бербейт.Бул кара куурайдын уруктары ачык эле сатылат.Экинчи баса кете турган нерсе, бул 10 гектарынан 4700000(төрт миллион жети жүз миң)АКШ долларында пайда берет.

” Мындай пайда берген эч өсүмдүк жок. Бул маалымат 2018 жылга карата экен.Кара куурайдан эмне өндүрсө болот, ошону тизмелейли:-Бизге керек болгон кагаз. 1 гектар кара куурай берген кагазды, 4 гектар токой берет. Демек ал 400% түшүмдүү. Токойду өстүрүү үчүн кеминде 15-20 жыл керек, а кара куурайга 100-120 күн жетет. Өзүңүздөр билгендей бизде токой деле жок. Бул деген арзан окуу китептери, окуучулардын дептерлери, салфетка ж.б.у.с. 100-200 гектар жерге айдалган кара куурай, Кыргызстандын кагаз менен толук камсыз кылмак. Биз жакшы көргөн АКШнын доллары да ушул кагаздан жасалат.- Кездеме. Кара куурайдан жасалган кездемелерди 40-50 жыл колдонууга болот. Бул кездемелерден жакшы аскер кийимдерин, палаткаларды жана башкы бышык буюмдарды жасоого болот. Ал кездемеден жасалган бут кийимдери бышык болуп, грибокторду өлтүрөт. Ошол себептен азыр Adidas и Nike ушул кездемелерден бут кийим тиге баштады.-Күйүүчү май. Биодизел жана этанол/метанол. Буларды жасоодо ал абдан арзан болот деп айтылат. Бирок канчалык арзан болоорун адистер эсептеп чыкса болот. Күйүүчү майдын бизге керектигин баарыбыз билебиз.-Кийим. Кара курайдан эң сонун 100% экологиялык таза, дем алуучу кийимдер жасалат. Бул кийимдерге аллергия болбойт. Ультрафиалет нурларын 95% өткөрбөйт, оорутуучу микробдорду өстүрбөйт, тердин жытын чыгарбайт. Ошол себептен спорт жана балдар кийимдерин чыгаруу абдан жакшы болмок.-Мулча/костра –кыргызчасы кандай экенин таппадым. Бул жөнүндө биздин дыйкандар жакшы билет. Айрыкча теплица иштеткендер. Азыр бизде кокостун майдаланган волокносун колдонуп жүрүшөт, аны турциядан алып келишет, баасы даана билбейм, 1 кг 100 сомдой болуш керек. А кара куурайдын мулчасы, кокостон 2 эсе артык жана жакшы. Биз аны жылда өрттөйбүз.-Пластик. Кара куурайдын курамындагы целлюлоза, жыгачтыкына караганда 2.5 эсе бышык жана 5 эсе катуу. Ошол себептен андан жасалган пропилен абдан бышык жана экологиялык таза буюм болуп эсептелет. Андан эмне жасалаарын жазуу бүтүү кыйын. Нефттен жасалган пластиктер, бул нефтинин калдыктары, ошол себептен алар адамга зыяндуу.-Кара куурайдан жасалган килемде, ковролинде микробдор көбөйбөйт жана болбойт.-Булардан сырткары кара куурайдан: Дары, косметика, порох,тоют, шампунь, жер семирткич, курулуш материалдары, краска, ДВП (ДРЕВЕСНОВОЛОКНИСТАЯ ПЛИТА) жана башка көп нерселер жасалат.Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн, орусча айтканда радикальные меры керек, ушундай проектер, чечкиндүү, коркпогон кадрлар менен гана экономикабызды өнүктүрө алабыз.Кара куурайды азыр өндүрүп жаткан мамлекеттер: Китай, Франция, Германия, Венгрия, Италия, Азии жана Латин Америки мамлекеттери. Россияда, Украинада – мен билгенден, өндүрө баштаганына 5-6 жыл болуп калды.Эгерде ойлонуп олтурсак, чечкиндүү кадамдарга барбасак, бул тармактан да артта калабыз! Акылды иштетсек, ушулкара куурай Кумтөрдөн, Жетим Тоодон көп пайда берет!”- деп жазган блогер.

Read Previous

Кыргызстанда бала багып алам дегендерге мамлекет ай сайын 18 миң 757 сомдон төлөп берет

Read Next

Кыргызстанда жер силкинди

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *