Алмазбек Атамбаевге операция жасалабы?

Жактоочу Замир Жоошев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалы тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

Айрым маалымат каражаттары Атамбаевге операция жасалышы керектигин жазып чыгышты.

Жактоочу Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевге операция жасалышы керекпи же жокпу дарыгерлер аныктай турганын белгиледи. “Атамбаевдин омурткасы жана жүрөгү ооруйт. Башкы оорусу омурткасындагы грыжасы. Ошонун айынан отура албай жатат. Операция жасоону Атамбаев өзү каалабайт. Биринчи жакшылап дарыланып көрүш керек. Дарыгерлер операцияны чет өлкөдө жасай турганын айтышкан”, – деди ал.

Read Previous

Садыр Жапаров: Бир тууганым пара талап кылса да камакка алгыла

Read Next

Кыргызстанда бала багып алам дегендерге мамлекет ай сайын 18 миң 757 сомдон төлөп берет

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *