Анжелика Кайратова: Маданият министрилиги сыйлыгыбызды – алса ала берсин! Эртенки күн дагы бар !

Маданият министрлиги кааласа ырчылардын сыйлыгын алса ала берсин. Эртенки күн дагы бар !, – мындай пикирин ырчы Анжелика Кайратова кесиптештери Курал Чокоев менен Кайрат Примберди колдоо ирээтинде пикирин Инстаграмм баракчасына жазган.

“Үн катпай коюуу болбойт !
Мен дагы башында ыплас сөздөр менен коштолгон көрсөтүүнү атактуулардын оозунан чыгып жатканын көрүп, демек, булар бизге күндө сөгүнүп жазган комментарторлордун катарын толуктагандардан турбайбы деп, ойлонуп калгам. Себеби, бизге күндө укмуш сөздөрдү жазган адамдар -жан кейите капаландырат””, – деп жазган ырчы.

Анын айтымында көрсөтүүнүн мазмуну: бир алып баруучу алдын ала каарманга жазылган кептерди окуйт экен.

” Жалаң – болгон тешик жана дене органдары тууралуу, адамдын жыныстык ориентациясына асылуу, шылдындоо 😖. Кайрат жөн жерден илинип калды. Ал дагы каарман болуп барып, айла жок, чычалабастан кошо күлүп кутулган. Куралдын мындан мурун дагы катталуучуларына колун көрсөтүп “мына силерге” деп пост менен хейтерлерге кайрылган. Мен катталуучу катары ортончу кызым менен инста карап жатып, аны көрүп калдым. Демек, жаштардан баштап, улуу муун интернетте отураарын , менталитет башка экенин эсибизге тутушубуз керек. Эл чучугуңа тийген сөздү жазса дагы, бир ойлонуп, сабырдуулук менен ишке алаксып жеңиш керек экен”, – деген пикирин билдирген Анжелика Кайратова.

“Ал эми сыйлыктар боюнча – алса ала берсин! Эртенки күн дагы бар ! Чыгармачылыгыңарды курчутуп, альбом чыгарып, концерт берип , элдин силерге болгон сүйүүсүн көрсөткүлө. Эмгек Сиңиргенди эки-үч ыры бар ырчылар деле алып, өмүрүн маданиятка арнагандар четте калып кетип жатпайбы. Америкада мындай сыйлыктары жок эле ырчылар дүйнө жүзүн багындырып келе жатышат. “Маданият кызматери” деген төш белгини мен 12 жыл мурун алгам, Эркинге кошулуп, аны тапшырып берүүгө даярмын. Күнөөнүн баары – маданият министрлигинде. Биринчи, бизге көңул бөлүп, жолугуу уюштуруп, таанышып, алдыга пландарды жазып, кайрымдуулук , мамлекеттик концерттерди, иштерди чогуу жасайлы деп, келгиле минтели деп туура жолго салуу, маданиятка чакыруу болуш керек болчу!!!
Андан дагы чоң проблема – бул ФЕЙКТЕР! Фейк баракча менен сайт ачып, журналисттин терисин жамынып, ар кайсы ушактарды жазып элди жинди кылып кырылыштыргандар!!! Биздин атыбызды сатып карапайым элди тоногондорду кармап, жазасын бериш керек. Азыр сен жаман- мен жаман деген заман эмес. Реалдуу болуңуздар! Улутубузду, тилибизди кор кылбайлы! Суранам, жаман сөз жазбайлы эч бир баракчадагы сасык маалыматтарга!”””, – деп жазат ырчы.

Read Previous

Түркиянын президенти Эрдоган эмдөөдөн өттү

Read Next

Эльвира Сурабалдиева: Жакында пандемия учурунда гумжардамды уурдагандардын аттарын ачыктайбыз

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *