Садыр сага салам кат! Акын Мирлан Самыйкожо Жапаровго кайрылды
‘Mен адамдарды улутуна же башка нерселерге карап бөлбөйм’, – деди шайлоочулар менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Бабыржан Тольбаев.
“Менден: “кайсы улуттансыз?” -деп көп сурашат.
Мен Муңгуш уруусунан чыккан кыргызмын. Бирок, мен адамдарды улутуна же башка нерселерге карап бөлбөйм.
Биз ата-бабаларыбызды билип жана урматтап эстей жүрүү менен бирге эле, аймактарга же урууларга бөлүнбөшүбүз керек”, – деди талапкер.
Анын айтымында, өлкөбүздө кыргыздар сыяктуу дагы ондогон башка улуттар жашашат .
“Биз бир элбиз. Баарыбыз бир мамлекеттин жарандарыбыз, БИЗ КЫРГЫЗСТАНДЫКПЫЗ!”, – деп белгиледи Тольбаев.