“БАЙРАКТАР ТБ2” ГЕОСАЯСИЙ ТААСИРИ ЖАНА МОСКВА-ПЕКИНдин ШАЙЛООДОГУ ФАКТОРУ…

Казакстан чыныгы эгемендүүлүккө умтулууда. Бул үчүн Казакстанда баары бар. Калкынын салыштырмалуу аздыгы (19 млн.го жакын) ири мамлекеттер менен теңтайлашууга мүмкүнчүлүк бербейт. Бирок ага карабай Казакстан чыныгы эгемендүүлүккө жетишүү максатында латын арибин киргизип, чет өлкөлөр менен байланышын диверсификациялап келет.Бул албетте, өзүн Евразиянын “кожоюну” катары сезген Россияга жага бербейт. Мына ушунун айынан эки кошуна мамлекет кер-мур айтыша кетүүдө. Россия Мамлекеттик Думасынын билим жана илим боюнча комитетинин төрагасы Вячеслав Никоновдун “Казакстан территориясы-Россия тарабынан берилген чоң белек” деп өткөн жылы декабрда айтканы мына ошолордун бири. Ага чейин да ушундай мааниде бир катар сөздөр айтылган.Никоновдун сөзүнө Казакстан абдан катуу реакция жасады. Казак президенти Касымжоомарт Токаев Казакстанга эч ким жер белек кылбаганын, казак эли өзүнүн аймагында эзелки доорлордон бери жашап келатканын так кесе айтты. Орус элчисине нота тапшырылды…(Казакстандын түндүк облустарына орус шовинисттеринин көзү эзелтен түшүп келет. Нурсултан Назарбаевдин борборду Астанага азыр эми Нур-Султанга которуусунун негизги себеби да ушул жакта жатат).Москва менен Нур-Султандын кер-мур айтышуусунун бир өңүрү Азербайжан менен Армениянын 44 күндүк согушуна, ал согушта Бакунун мыкты жеңиши, ал жеңишти камсыз кылууда түрк дүйнөсүнүн лидери Түркиянын куралы, технологиясынын эбегейсиз ролуна барып такалат.Түркиянын “Байрактар-ТБ2” учкучсуз аппараты Армения куралдуу күчтөрүн талкалоодо негизги ролду ойноду. Түркия Азербайжанга башка курал-жарак, аскердик технология, билим, тажрыйба жагынан, дипломатия, маалымат жагынан абдан колдоду. Мына ошону менен Азербайжандын Арменияны (Россия абдан колдогон) жеңишине салымын кошту. Эң башкысы Россиянын Армения тарап болуп Азербайжанга ачык агрессия жасоосуна жол берилбеди. Анкара “Азербайжанга кол салсаң биз карап турбайбыз” деп Россияга кыйыр эскертүү, ал эми Бакуга кепилдик, дем берди. Мына ушул жагдай Казакстанга катуу таасир этти бейим. 26-октябрда (Армения жеңилип бараткан учурда. Азербайжан-Армения согушу 27-сентябрда башталып, 10-ноябрда Азербайжандын толук жеңиши менен аяктады). Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Казакстанга келди. Токаевге чейин жолугушуулар, сүйлөшүүлөр өткөрдү. Андан көп өтпөй казак делегациясы Түркияга барып, “Байрактар ТБ2” жасалган заводдо болду. Эки тарап стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, анын ичинде аскердик-техникалык кызматташууну кеңейтүүнү сүйлөштү. Макулдашты.Толук кандуу эгемендүүлүккө умтулган Казакстан, Азербайжандын мисалында, Түркиядан колдоо аларына көзү жетти. Ошого жараша чечимдерди кабыл алып, кадамдар таштай баштады.Бул албетте Кремлге жакпаган көрүнүш. Мына ошондуктан ал тараптан чагымчыл билдирүүлөр көбөйүп, эки тарап бири-биринен сестенүү абалына келип калышты…Бул Астана менен Москванын ортосунда болуш жаткан геосаясий чарпышуу эмес, чырпышуулар…Бул арада эң кайнак окуя Казакстанга жакын Кыргызстанда болуп жатат. Кыргызстан президенттик шайлоо алдында турат. Бул жерде Кытай фактору кайрадан алдыга чыгып, Москванын, АКШнын көңүлүн бура турган жагдай түзүлүүдө.Кыргызстанда президенттикке негизги талапкерлердин бири Садыр Жапаров Россияны негизги стратегиялык өнөктөш деп айтып жаткан менен, Кремль аны жакшы кабыл албай турат. Ага Садыр Жапаровдун өтмүшү, бийликке келгенден кийин жасаган мыйзамсыз кадамдары себеп болуп жатышы да ыктымал. Андан сырткары Кытайга карата коюнду кенен ачкан саясаты да таасир этиши ыктымал.Маселен, Садыр Жапаров Ат-Башыда Кытай өндүрүшүнө ыңгайлуу логисттикалык борбор курууну кайра карай баштады. Логисттикалык борборду курууга буга чейин жергиликтүү калк каршы болуп, өткөн жылы ушул кыш айларында ири митинг болгон. Ал митингдин чыгуусунун үч себебин айтууга болот:1) Жергиликтүү калктын “Кытай каптап кетет, жерди ээлеп алат” деген чочулоосу;2) Геосаясий аспект. Кытайдын Кыргызстандан бекемделишине Россия, АКШ кызыкдар эмес. Алар калкты тымызын козутуп, антикытайлык маанайды күчөтүшөт.3) Өлкө ичиндеги саясий күрөш. Ал кездеги президент С. Жээнбековду алсыратууну көздөгөн күчтөрдүн аракети.Садыр Жапаров логисттикалык борборду ачуу маселесин күн тартибине кайра алып келип эле калбастан, Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин ачып, темирди Кытайга сатууну абдан катуу көздөп жатат. Аны негизги максаттарынын бири катары көрсөтүп жатат. Ушуга өзү абдан кызыкдар болуп, болгон күчү менен умтулуп жатат. Садыр Жапаров өзү Кытайдан келген мигрант кыргыздын баласы. Анын атасы Нуркожо 1962-жылы Кытайдан Кыргызстанга келген. Садыр Жапаровдун эң жакын жан-жөкөрү да Кытайдан келген Жунус уулу Адыл болуп жатат. Ал 1963-жылы Кулжада туулуп, Кытайда чоңоюп, жогорку билимге ээ болгон. Кытай илимдер академиясында география жана экологиядан (1987-91-жылдары) сабап берип жүрүп эле, Кыргызстанга келип, 1993-жылы Бишкек гуманитардык университетинде кытай тилинен сабап берип калган. Анан ишкерликке өтүп, 2001-жылы кыргыз жарандыгын алып, 2015-жылы Ташиев менен Бабановдун “Республика-Ата Журтунан” депутат болуп келген…Региондо мына ошентип Москва, Пекин, Вашингтон, Анкаранын, Кыргызстанда өзгөчө Москва менен Пекиндин кызыкчылыктары бет келишүүдө…

Айданбек АКМАТОВ

Read Previous

Бабыржан Тольбаев Исфана эли менен жолугушту

Read Next

Жигит качан эрөөлдөн каччу эле? Исаев Жапаровду дебатка чакырды

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *