Башкы прокуратура: Саламаттык сактоо министрлиги мамлекетке 1 миллион доллар зыян келтирген

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигинде иштеген айрым адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке 1 миллион доллардан ашык суммада зыян келтиришкен деп эсептейт.

Мекеме 28-декабрда тараткан маалыматта 2014-2019-жылдардагы аудиттер боюнча текшерүү жүргүзүлгөнү, «консультациялык кызматтарды сатып алууда тийиштүү мониторинг жасалбастан негизсиз жогору сумма пландаштырылып, мамлекет үчүн пайдасыз экенин билип туруп «D.&T.» ишканасы менен контракт түзүлгөнү» айтылды.

Башкы прокуратура белгилегендей, тендердин негизинде бул ишканага жалпысынан 63 миллион сом которулуп, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

5-декабрда башкы көзөмөл органы бул факт боюнча материалдарды Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 322-беренеси («Билип туруп пайдасыз контракт түзүү») менен каттоого алып, сотко чейинки териштирүү жүргүзүү жагын тийиштүү тергөө органдарына тапшырып бергени маалым болду.

Башкы прокуратуранын маалыматындагы «D.&T.» деген жазуу «Делойт&Tуш» компаниясынын аталышына окшош. Бул компания Кыргызстанда 2004-жылдан бери аудит, укук жана салык консалтинги, корпоративдик каржы багытында иш жүргүзөт.

Көзөмөл органынын билдирүүсү боюнча министрлик азырынча комментарий бере элек. (RK)

Read Previous

Коронавирус дагы 162 адамдан табылып, 1 бейтап каза болду

Read Next

Келемиштей каптаган коронавирус. Шайлоонун шайтан оюндары. Кыргызстандыктар үчүн 2020-жыл эмнеси менен эсте калды?

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *