Баткенде 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

26-декабрда саат 16:28де Баткен облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн кесепетинен бала бакча жана мектептердин дубалында жарака пайда болгонун ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. “Кадамжай районунун Совет айылында Кан орто мектебинин дубалында, Баткен районунун Кыштут айылындагы орто мектептин жана Сай айылындагы “Баластан” балдар бакчасынын имаратынын дубалында жарака пайда болгон. Ошондой эле Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылында 5 турак үй, Самаркандек айылында 1 турак үй жана Тагаев орто мектебинин дубалынан жарака кеткен. Бүгүн, 28-декабрь күнү турак үйлөр текшерилет”, – деп айтылат билдирүүдө.

Read Previous

Бишкектеги түтүн – бул өзүбүздүн мамиле, өзүбүздүн мамиленин сүрөтү

Read Next

Коронавирус дагы 162 адамдан табылып, 1 бейтап каза болду

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *