Батукаевдин бошотулушу боюнча сот отуруму Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу жылдырылды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл А. Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу А.Ш.Атамбаев, И.Ы.Жолдубаева, А.Раимжанов жана К.О.Качкыналиевдерди айыптоо боюнча жараян каралды.

Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн сотко айыпталуучу Атамбаевден ден соолугуна байланыштуу отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчү менен арыз келип түшкөн. Ага байланыштуу соттук жараян 9-декабрга жылдырылды.

Эске сала кетсек, аталган ишке байланыштуу мурдагы президент Атамбаев 11,2 жылга эркинен ажыратылган.

Read Previous

Кыргызстанда кар жаашы күтүлөт. 3-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Read Next

Өгөй атасы сабады делген баланын энеси ата-энелик милдетти аткаруудан баш тарткан эмес

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *