Садыр сага салам кат! Акын Мирлан Самыйкожо Жапаровго кайрылды
Бүгүн, 17-ноябрда, саат 06:15те«Арча-Бешик» көмөк чордонунан тартылган 10 кВ кабель чубалгысынын жабыркашынын кесепетинен Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун кээ бир бөлүктөрүндө электр энергия үзгүлтүккө учурады. Ошондой эле, саат 04:19да «МИС» көмөк чордонунан тартылган 10 кВ кабель чубалгысы бузулуп, Кант шаарынын Меркулов жана Кыргызстандын 60 жылдыгы көчөлөрүндө электр энергиянын өчүрүлүшү катталган. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Түндүк электр» ААКнын Батыш жана Кант райондук электр тармактарынын ыкчам оңдоо бригадалары көрсөтүлгөн участоктордо иш алып барууда.
«Мүмкүнчүлүк болгон жерлерде энергетиктер абоненттерди электр энергиянын башка булактарына которушту. Көрсөтүлгөн тилкелердин электр энергиясы кыска убакыттын ичинде калыбына келтирилет», – деп жазылат маалыматта.