Блогер Кумаркан Токоева ырчыларга кайрылды: Ар кимди туурабай Кыргыз бол!

Male Vocalist Singing Into Microphone In Recording Studio

Маданияттын өкүлдөрү, мейли ырчы, композитор, музыкант, сүрөтчү, театр ишмери, акын, жазуучу болсун, ар бир кылган иши, баскан кадамы коомчулуктун байкоосунда, сынында турат. Андыктан алар өзүлорүн маданияттуу алып жүрүп кыргыз экендигин унутпаса. Мындай пикирин блогер Курмакан Токовна Фейсбук баракчасына жарыялаган.

“Маданияттын өкүлдөрү, мейли ырчы, композитор, музыкант, сүрөтчү, театр ишмери, акын, жазуучу болсун, ар бир кылган иши, баскан кадамы коомчулуктун байкоосунда, сынында турат жүрүп-туруму, адеп-ахлагынан үлгү алышат, кумир тутушат. Кылым карыткан биздин баалуулуктарды жайылтуу, коомду прогрессивдүү өнүгүүгө багыт берүү- алардын бирден бир вазийпасы. Богооздугу, ыплас жүрүм-туруму, орой мамилеси, эч кимди тоотпогон текеберчилиги, ал инсандын дүйнө таанымына, билимине көз каранды.Тилекке каршы, ааламдашуу процессинде оош-кыйыштар, баалуулуктардын бара-бара жоюлушу өз кедергисин тийгизбей койбойт экен. Бул дүйнөлүк деңгээлдеги көрүнүш.” Окно Обертона”-деген бузуку концепциянын маңызы ушунда. Коомчулук кабыл албаган терс көрүнүш, улам-улам кайталана берсе, коом аны кадимки көрүнүштөй кабыл алып, көнүп калат. Буга мисал: окуучулардан баштап, жигиттерибиздин эки сөзүнүн бири “ой бляя!” “энеңди” уланта берсе толтура чыгат. Буга кулагыбыз көнүп, бышып бүттү. Уксак да унчукпайбыз. Ырчы-сөрөйлөргө келсек. Анжелика деген жашабагыр, эки күндүн биринде, “төшөк” жомогун айтып бүтө албайт. Бер жакта Асель араң отурат, ичи бышып. Алардан кемминби деп, Айданадека дегендин да таскагы чыгып келатат… Аялдардан баштап, кыздарыбызга чейин туалеттен түшкөн сүрөттөр м-н дардаңдайбыз. Элестет, мактанчу жай 😡ТУАЛЕТ-ДААРАТКАНА! Эркектерибиз кош бойлуу аялдарынын курсагын сылап, мактаныч м-н сөзсүз сүрөткө түшөт. Ата-энеси, кайын-журту, тууган-туушкандарында уяткарып, насаатын айтуу жок. Лям этип унчукпайбыз..Демек, бул абдан туура кылган иштей кабыл алдык…Тиги эки “маданияттууларыбыз” автордук-плагиаттык берүүсү м-н бизге жем таштап койду. Алардыкын туура көргөндөр, эми баш көтөрүп, укуктук талдоо жүргүзүп, колдоп жатышат… Айланайындар! Орус ким? Биз кимбиз? Батыш ким? Биз кимбиз? Чыгыш ким? Биз кимбиз? Абийир кана? Абийир кайда???? Туңгуюктан качан чыгабыз???Каныбыз кыргыз, дилибиз кыргыз, тилибиз кыргыз экенин кантип танасыңар?! Миң жолу ар кимди туурап багынып, маа демектен чокунсаң да, КЫРГЫЗ боюнча көмүлөсүң. Кыргыздын салт-санаасы м-н бу дүйнөдөн узайсың. Кыргыздын башкалардан артык, өз наркы, өз баалуулуктары бар. Улуулугубуз ушунда! Сен ар кимди туурап, ырдасаң таанылбайсың. Кайра шылдың болосуң! Кыргыздын ырын ырда, күүсүн черт! Дүйнөгө тааныласың. Же андай эмеспи? Ар кимди туурабай Кыргыз бол!Кыргыз тамгасын колдонуп, кыргызча жаз! Кыргыздын салтын колдон! Маркумду көмсөң, өкүр, кошок кош!Кыргыздын адеби м-н жүр! Мекениңди сүй! Ак дилден кызмат кыл! Таш бараңдан күчүңдү чыгарбай, мыйзамды сыйлаган атуулдан бол! Жетишет го, кайсарлап ар кимге ак уруп жүргөнүбүз! Өзөгүң Кыргыз! Өнүккүн Кыргыз!”, – деди блогер.

Read Previous

Алмазбек Бейшеналиев: Студенттердин контрагы төмөндөсө, мугалимдердин айлыгы кыскарат

Read Next

Садыр Жапаров: Бир тууганым пара талап кылса да камакка алгыла

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *