Чүйдөгү мектеп-интернатта балдар жапырт ууланып ооруканага түштү

Чүйдө 23 бала ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу “Репортерго” Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты. 

Маалыматка ылайык, 9-декабрга караган түнү Шаардык балдар клиникалык ооруканасына Чүй облусуна караштуу Байтик айылында жайгашкан мектеп-интернаттан 23 киши ууланып түшкөн.

Жабыркагандардын жашы 8 жаштан 20 жашка чейин. Баары тең түндө жеткирилген.

Балдардын ашказаны тазаланып, инфузиялык жана детоксикациялык терапия алышкан. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык экенин кабарлашты.

Бул окуя боюнча эпидемиологиялык иликтөө башталган. 

Read Previous

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды

Read Next

Көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлбөйт. 10-декабрга карата аба ырайы

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *