Дастан Дүйшекеев президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болду

Дастан Дүйшекеев президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул маалыматты «Кабар» агенттигине президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн тастыкташты.

Мурда Дастан Дүйшекеев премьер-министрдин маалымат катчысы болчу.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүн Данияр Сыдыков жетектеп келген.

Read Previous

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 371 адамдан табылды

Read Next

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 335 адамдан табылды

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *