Садыр сага салам кат! Акын Мирлан Самыйкожо Жапаровго кайрылды
«Ералаш» юмористтик киножурналынын негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси Борис Грачевский коронавирус оорусу менен күрөшүп жатып, 72 жашында көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, коронавируска кабылган Грачевский 2020-жылдын декабрь айынын соңунда №52 шаардык ооруканага жаткырылган. Анын абалы оор деп бааланган.
«Грачевский коронавирус жуктуруп алганда алгач үй шартында дарыланып келген. Кийин гана дарыгерлер аны дарылоо үчүн ооруканага жеткиришкен», – деп айтылат маалыматта.