Иманбек Азизилла Уулу: Ырчылар эл менен эл экениңерди унутпагыла

Маданият адамдары өз башчысын сыйлабай, куп көпкөн кези экен. “Кыз боозуп алып, энесин коркутат” дегендей, кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп койгондор айыбын сезип, күнөөкөр болгондун ордуна беттен алганы туура эмес. мындай пикирин жарандык активист Иманбек Азизилла Уулу Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

“Кыргызды кыргыз кылган миң жылдар бою келе жаткан дини жана каада-салты болуп саналат. Кимде-ким бабалар жолун чанса же ага каршы иш кылса, жүзү каралык кылган болот. “Мен кыргызмын” деген киши кыргыздык жол-жобого каршы чыкпайт. Бирок кайсы бир ырчы-чоорчулардын абийирсиз шоусуна министрлик биртке чара көрүп койсо, долудай догурунган немелерди көрүп эсим ооп отурат. Улуттук деградация дегенге ишенбейт элем, көрсө чын эле ошол жараянда экенбиз. Өзгөчө маданият өкүлдөрү. Ак менен караны, жакшы менен жаманды айырмалай албай калган деңгээлге жетип калганы ушул эмеспи”ö * деген пикирин билдирген блогер.

Анын айтымында, маданият адамдары өз башчысын сыйлабай, куп көпкөн кези экен.

“”Кыз боозуп алып, энесин коркутат” дегендей, кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп койгондор айыбын сезип, күнөөкөр болгондун ордуна беттен алганы эмнеси? Ушулбу биздин маданият? Ушулбу биздин маданият өкүлдөрүнүн тарбиясы? Тиги шоуга катышкан маймылдарга кайгырып бүтө электе,” мен да сыйлыгымды тапшырам” деп итибай-чотубайлардын баш көтөрүп алганына не дейсиң. “Куюшканга кыпчылбай, жылчы ары” деген киши жокпу. Ырас, сыйлыкка татыксыз болсоң, тапшыр. Ансыз деле маданиятсыздарга “маданияттын мыктысы” деген наамдар берилип калыптыр. “Табигый тандоо” деп койчу беле, айтор сыйлыкка татыксыздар табигый түрдө ажырагысы келе баштаптыр. Өздөрүнүн оюнда кыйраттык деп отурса керек”, – дейт Азизизилла уулу.

Анын айтымында, сыйлыгын тапшырам дегендер баягы дипломун өрттөгөн жарандан айырмасы жок.

“Силерди ушунчалык деңгээлге көтөргөн эл го. Кыска оюңар менен жалпы элди “ни кто” дегиңер барбы? Тигилерге чара көрүүнү көпчүлүк эл талап кылды го. Же богооз маданиятсыз ырчыга “маданияттын мыктысын” дале ыраа көрүп отурасыңарбы. Же эртең бизге да жетип келбесин деп өзүңөргө ишенбей жатасыңарбы. Же министрлик сыйлык берерде жакшы, жаза берерде жаман дегени турасыңарбы. Ар кимди ортого салып, сыйлыктын артынан чуркап жүрүп алганыңарчы? Достук тилектештик дейин десең, достугуңар салт-санаа, адеп-ахлак, дин, этикадан да өйдө болуп кеттиби. Силердин бул арамза нээтиңер тигинтип сөгүнүүнү туура деп колдогондук эмеспи. “Ырчыныныкы да туура эмес, министрдики да туура эмес” деп кооз сүйлөмүш болуп, жыландын башын кылтыйтып аткандар да бар. Анда туурасы кандай? Тигилердин менталитке жат жосунубу? “Аны тиешелүү эле аудитория көрөт” дейсиңер. Деген менен ютубга бардык курактагы адамдар кирет да. Силерди баккан элди сыйлабасаңар да, жок дегенде ата-энеңерден уялбайсыңарбы. Ата-энеңер “неге сыйлыгыңды тапшырган атасың” десе, “тиги балит оозду колдоп” деп шерменде видеону коюп бересиңерби. Бул сөздөр өз жолу менен жүргөн чыныгы маданият кишилерине тиешеси жок. Сөз тиги ырчыны колдогондор жөнүндө болууда. “Досуңду көрсөт, сенин ким экениңди айтып берем” деген сөз бар. Наадандыкты пропагандалаган шоуну колдоп жаткандар кимдер болушу мүмкүн? Менин божомолум:1. Министрдин креслосуна көз кызарткан, министрге астыртан тиш кайраган, котур ташы койнундагы күчтөр. 2. А десең Б, ат десең төө деген өзүнчө эле акылдуусунган же ашып кеткендер. 3. Дин жана менталитеттин кызылдай душмандары. “Буларга мотоциклдин үнү такыр жакпайт”. Бул топтогуларды ылым-ылыктар деп койсо да болот. Ар жылы 8-мартта митингге чыгууну адатка айлантып алышкан. Кыскасы кыргыздын шоруна бүткөн жандар. 4. Шаманизмди тирилтүүнү самап жүргөн теңгрияний күчтөр. Булар ислам динине жакын кандай гана адам болбосун, кара санайт. 5. Эмне дегенин өзү деле түшүнбөгөн, туруктуу позициясы жок жылма адамдар.6. Чокоевдин жакын достору, тууган-уругу, жээк-жааты, коңшу-колоңу ж.б.7. Көчө балдары же деңгээли ошолордукундай кишилер. Кыскасы, артисттериң маданият туусун татыктуу көтөрсүн же кесип алмаштырсын. Элдин назарынан калып, каргышын алган жаман”.”Жылдызга колуңар жетип”, “супер-звезда” болуп кетсеңер да Элсиз”ни ктосуңар”…, – деген блогер ырчыларга Арстанбек Буйлаш уулунун ырын мисал катары келтирген.

“Кайратың тоону бузса да,Кашыгың көлдү сузса да,

Оозуңдан чыккан сөзүңө,Зоо куланып учса да,

Эл менен сен адамсың.

Кабарың күнгө кетсе да,Жылдызга колуң жетсе да,

Жараткандын дүйнөсү,Бүт колуңа өтсө да,

Эл менен сен бийиксиң,Элден чыксаң кийиксиң”

(Арстанбек Буйлаш уулу)

Эске салсак, ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду туурап тарткан видеосу жана ага конок катары катышкан Кайрат Примбердиевдин кылган кылыгы коомчулуктун кескин сынына кабылып, элдин талкуусуна калган. Видеодо ырчылар сөгүнүп, адепсиз сөздөрдү колдонгонун көрүүгө болот. Элдин эки ырчыга катуу чара көрүү талабынан кийин, маданият министри ырчыларды сыйлыктарынан ажыратуу чечимин киргизген.

Эске салсак, ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду туурап тарткан видеосу жана ага конок катары катышкан Кайрат Примбердиевдин кылган кылыгы коомчулуктун кескин сынына кабылып, элдин талкуусуна калган. Видеодо ырчылар сөгүнүп, адепсиз сөздөрдү колдонгонун көрүүгө болот. Элдин эки ырчыга катуу чара көрүү талабынан кийин, маданият министри ырчыларды сыйлыктарынан ажыратуу чечимин киргизген.

Read Previous

«Ералаш» киножурналынын негиздөөчүсү Борис Грачевский коронавирустан көз жумду

Read Next

Түркиянын президенти Эрдоган эмдөөдөн өттү

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *