Күн жарыгын багынткандар

Учурда жер планетасындагы эң орчундуу проблемалардын бири – глобалдык ысып кетүү. Түштүктөгү Антарктидан тарта Түндүктөгү Арктикага чейин кылымдар бою тоңуп турган түбөлүк муздар ээрип, дүйнөлүк океандын деңгээли көтөрүлүп жатат. Ошондой эле дүйнөдөгү бардык тоо кыркаларында мөңгүлөр азайууда. Мөңгүлөрдүн азайуусу суу бассейндеринде суунун аз болуусуна алып келүүдө. Ошол эле учурда Жер планетасында калктын саны өсүп, азык-түлүккө болгон талап күн санап өсүүдө. Адамзат алдында жер шарынын экологиясын сактап калуу менен бирге, азык-түлүк коопсуздугун да камсыздоо маселеси күн тартибинде турат. Энергетикада жана айыл чарбасында калыбына келүүчү булактарды колдонуу абалдан чыгуунун бир жолу катары ишке ашырылып баштады. Бизге эле кошуна Тажикстан, Өзбекстанда күн электостанциялары курулуп жатат. Биздин өлкөдө болсо күн, шамал энергиясынан электр жана жылуулук энергияларын алуу жеке адамдардын, ишкерлердин гана деңгээлинде ишке ашып келүүдө.

Күн энергиясын колдонуу менен традициялуу отундар: көмүр, газ, электрди эң минималдуу колдонуу аркылуу күнөсканада мол түшүм алуунун сонун үлгүсүн элибизге белгилүү ырчы, обончу, композитор Абидин Темиров жетектеген “Агротоп” ишканасы көрсөтүп келе жатат. Дүйнөдө кытай күн вегетарий деп аталган күнөсканаларды бул ишкана Чүй облусунун Жаңы-Жер аймагында куруп, күнөскана тармагында иштеген дыйкандардын ичинен эң жакшы ийгилик жаратышты. Бул жигиттер жасап жаткан иш жалпы өлкө деңгээлинде жайылтылып, кеңири пропагандаланса жана каржыланса, чоң иш болор эле. Муну менен өлкөбүз экология, суу тартыштыгы маселелерин чечип, ошол эле учурда элибизди жыл бою экологиялык таза жашылча-жемиштер менен камсыз кылмак.

Макала “Климаттын өзгөрүшү, ага байланыштуу тобокел факторлор, калкты өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу боюнча жагдайларды массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу аркылуу элге маалымдоо” долбоорунун алкагында даярдалды.

Read Previous

Эгерде тарифтер менен баалар көтөрүлсө бул менин мамлекетим эмес, душмандарымдын өлкөсү деп эсептейм.

Read Next

Кубанычбек Сейдалиев: “Эгерде Баткендегидей проблемалар башка чөлкөмдө болгондо, алар бийликтин терисин тескери сыйрымак”.

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *