Көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлбөйт. 10-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 10-декабрда түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, тоолуу аймактарында кар жаайт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;

Талас облусунда: түнкүсүн -9….-14, күндүз -1…+4;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында: түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…+7;

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;

Нарын дубанында: түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз 0…2 градус болот.
https://www.super.kg/kabar/news/336329/

Read Previous

Чүйдөгү мектеп-интернатта балдар жапырт ууланып ооруканага түштү

Read Next

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 379 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *