Кайырбек Коңурбаев: “Кара-Кеченин көмүрүн жагып, абаны булгабай газга өтүүнүн айласын табыш керек”.

“Бишкек ЖЭБинде жана жер тамдарда жагылып жаткан Кара-Кече көмүрү абаны булгап жатат, андыктан тезинен газга өтүүнүн айласын табыш керек”.

Мындай пикирин Фейсбук колдонуучусу Кайырбек Коңурбаев билдирди.

“Балбак Түлөбаев, Жамалбек Ирсалиев. Атамбаев өз убагында газ тармагын 1 долларга сатып жибербегенде, Тиматинин токочун аңдыган, сөөк кемирген Келдибековго бергенде мындан жаман ахыбалга кабылмакпыз. Тезинен курулган газ куурларын жеке менчик үйлөргө киргиздирип, элге арзан кредит же субсидия берип, жергиликтүү газ казандарын жазаган Лебединовкадагы Коваленконун казандарынан, керамикалык газды ысытма горелкасы менен койдургула. Ал газказандары чет өлкөлүк газказандарына караганда арзан жана үнөмдүү келет. Элдин ден соолугу керек болсо, баары бир ышты жок кылуу үчүн Кара Кеченин көмүрүнөн баш тартууга келесиздер. 1978-жылы Кочкордо Кармышак деген Райсоцобес башчысынын үйүндө конокто болгондо, Каширин деген геолог, Кара Кеченин көмүрү ЖЭБке жарабайт, анүчүн көмүрдү жакшы билген маркшейдер керек деген. Кара-Кеченин көмүрүн Бишкек ЖЭБине жагууга болобу, жер үйлөргө жагууга болобу деген илимий аныктоо жок эле депутаттар өз жерибиздин көмүрүн жагабыз деп чечим кабыл алышты, ЖЭБти жергиликтүү көмүр жагууга ылайыктагыла деп чыгышты. Көмүрдүн таптуулугун, анын күлдүүлүгүн, ыштуулугуна карабай беш жылдан бери тартып келип элге сатып жатышат. ЖЭБке жагып жатышат. Адистердин оюн уккан эч ким болгон жок. Азыр Кара- Кеченин көмүрүнүн 20 % отвалга кетип жатат ЖЭБте. Карапайым эл көмүрдү алып жагып жатышат, чогуу өчпөй кайра үстүнө көмүр салып күйгүзүп, отту өчүрбөй Бишкекти кыш бою тынымсыз ЫШКЕК кылып ыштап жатышат. Элдин көмүр казуу жана тартып келип сатуу жагында иштеген адамдар материалдык муктаждыгын камсыз кылган менен миңдеген адамдардын ден соолугун талкалап, дагы бир беш жылдан кийин ооруканаларда орун калбай, мамлекет чоң көйгөйгө кабылган турат. Карынын сөзүн капка сал деген, капка батпаса, атка арта сал деген аксакалдар илгери. менин айтканымды угуп алгыла. Кээ бирөөлөргө жакпаса дагы”, – деп жазган жаран.

Read Previous

Равшан Сабиров кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады

Read Next

Бабыржан Тольбаев: Мен адамдарды улутуна карап бөлбөйм

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *