Камчыбек Ташиев ден-соолугун чыңдоо үчүн чет мамлекетке кетет

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ден-соолугун чыңдоо үчүн чет мамлекетке барып дарыланат. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

“Ден-соолугум жакшы. Буюрса, жакында шайлдоодон кийин,чет мамлекеттердин бирине барып ден-соолугумду чыңдап келем», – деп билдирди Ташиев.

Ошол эле убакытта ал ага дарыгерлер кандай диагноз койгондугун ачыктаган эмес.

«Эми так диагнозду, врачтар билет да», – деп сөзүн аяктаган Ташиев.

Эскерте кетсек, буга чеийин Камчыбек Ташиев жубайы экөө коронавирус илдетине кабылып айыгып чыкканы белгилүү болгон. Жакында ал жүрөгү ооруп, анын натыйжасында эмгек өргүүсүн алгандыгын ММК лар жазып чыккан. Ташиев өзү: «Убакыт аз, элге кызмат кылып жетишип калышым керек», – деп Фейсбук баракчасына жазган.

Read Previous

Камчыбек Ташиев ар бир айда жемкорлордун эсебинен 3 млрддан чогултуп турууну убадалады

Read Next

Садыр сага салам кат! Акын Мирлан Самыйкожо Жапаровго кайрылды

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *