Кароосуз калган кичинекей Айдар өз үйүнө жеткирилди

5 жаштагы  Саид аттуу Жалал – Абад шаарынын кичинекей тургуну апасы менен кошо өз үйүнө жеткирилди. Бул тууралуу журналист Назгүл  Насиева өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, эне-баланы Жалал –Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кабыл алып,  шаардык бийлик да бул үй-бүлөгө ар тараптуу жардам берүүго аракет кылганын айтты.
 Бүгүнкү жолугушууда мэр баланын апасына 30 миң сом акчалай жардам тапшырды. Ал эми Назгүл Насиева менен милиция кызматкерине мэриянын ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.

Эскерте кетсек, буга чеийин журналист Назгүл Насиева 5 жашар угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган наристенин жакындары жарым жылдан бери табылбай жаткандыгын, андыктан бала учурда балдар үйундө тарбияланып жаткандыгын, ага Айдар деген ысым бергенин  айтып чыккандан кийин, баланын апасы табылган. Өз учурунда Насиева баланын ден-соолугун дарыгерлерге текшертип, анын натыйжасында врачтар нарситенин бир кулагына бекер операция жасап беришкен.

Read Previous

Садыр Жапаровдун адвокаты президенттик аппараттын бөлүм башчылыгына дайындалды

Read Next

Айыл чарба министринин орун басары болуп Бермет Турсалиева дайындалды

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *