“Катар” кайрымдуулук фондунан кезектеги жардам

Катар мамлекетинин “Катар Черити” кайрымдуулук фонду кыргызстандык 80 ден ашуун наристеге эң татаал, кымбат операцияларды жасоодо жардам берүүдө. Ар бир операциянын орточо баасы 3 000 доллардын тегерегин түзөт экен. Наристелерибиздин өмүрүндө жаңы барак ачылышына себепчи болгон ак халатчандарга жана кайрымдуу араб туугандарыбызга Алла ыраазы болсун. Фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын айтымында, мындай оор операцияларга жардам берүүнү каалаган кайрымдуу адамдар көбөйүп жатат. Мекеме андай жардамдарды Кыргызстанга мындан ары да тарта бермекчи.

Read Previous

Жанар Бакирова: “Органикалык айыл чарбасы жана экология тыгыз байланышта”

Read Next

Жанара Бакирова: “Органикалык айыл чарбасы климаттын өзгөрүүсүнүн алдын алат”.

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *