Келемиштей каптаган коронавирус. Шайлоонун шайтан оюндары. Кыргызстандыктар үчүн 2020-жыл эмнеси менен эсте калды?

Чек ара чыры

2020- чычкан жылы  орустар айткандай високосный год, же кыргызча айтканда толук жыл, «чү» дегенде эле чек арадагы чыр чатактар менен башталды. Тагыраак айтканда, 2020-жылдын 10-январына  караган түнү, саат 00:40 чамасында Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында белгисиз адамдар Баткенди көздөй бара жаткан кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып, терезелери талкаланган. Андан соң алар Тажикстанды көздөй кирип кетип, из жашырган. Болжол менен 02:40та тажикстандыктар Дахма аймагындагы кыргызстандыктардын үйүн ташка алган. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиция кызматкерлерине Тажикстан тараптан ок атылган.

Бул боюнча учурунда тиешелүү тараптар иш алып барып, жаңжал бир аз басаңдаганы менен Чубактын чуусундай чубалган чек ара көйгөйү       дагы деле чечиле элек. Себеби Кыргызстан менен коңшу Таджкикистандын ортосунда такталбаган аймактарга дагы деле чекит коюла элек. Бирок бул маселе эми жаңы келе турган бийликтин баш ооруусу боло турган өңдүү.

Карайлаткан коронавирус

2020-жыл Кыргыз тарыхында гана эмес, жалпы адамзат үчүн кара көзүбүздү кашайтып карайлаткан оору, оор жоготуулар менен коштолгон жылдардын катарына кирди. Алсак, 2019 –жылдын аягында  Кытайдын  Ухань шаарынан чыккан коронавирус, башкача айтканда COVID-19, жылып отуруп Европага, бара бара ааламды бүтүндөй каптап, март айында Кыргызстанга келип жетти. Тилекке каршы, кыргыздар оору кылычын кармап кирип келээрин билип туруп, кенебестик кылып илдетти эч дайындыгы жок тосуп алдык. Мунун жыйынтыгында, пандемиянын алгачкы айларында маска таппай кыйналсак, оорунун туу чокусу жай айларына келип, эл карайлап дары таппай, анысы аз келгенсип ооруканалардан бош орун жок, анын натыйжасында өлүм күчөп, миңден ашуун жараныбыз көз жумду.

Бактыбызга жараша   эл бир муштумга чогулуп, ыктыярчылардын, жаштардын, жеке ишкерлердин, кайрымдуулук фонддорунун  аракеттери  менен бул кырдаалдан чыгып, жада калса башка мамлекеттерге  ынтымактуулуктун үлгүсүн да көрсөтүүгө жетиштик.

Шайлоонун шайтан оюндары

Кыргызстанда  5 жылда бир келүүчү шайлоонун шааниси дагы 2020 –жылга туш келип калганына тан каласын. Шайлоо күнү марага алгачкылардан болуп “Биримдик”, «Мекеним Кыргызстан”, «Кыргызстан»   партиялары жетишкени менен эл мындай жыйынтыкка макул болбой, нааразычылык акциясына чыгып, мунун аягы бийлик алмашуу, башкача айтканда Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматты өз мөөнөтүнөн мурда кетүүсүнө, эки тизгин бир чылбырды –   премьер-министрлик жана президенттик кызматты абакта жатып элдин эпкини менен боштондукка чыккан Садыр Жапаровдун колуна тийиши, анын президенттик кызматтка аттануусу менен аяктады.

Башты айланткан Башмыйзам

Кыргызстан Эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан бери   эле Конституция дээрлик баардык бийликке келген адамдардын тынчын алып, түн уйкусун бузат. Улам бир жогорку кызматтагы адам Баш мыйзамга баш бербей, аны өзү каалагандай көргүсү келет.Мурунку президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, алардан кийин эле Алмазбек Атамбаев да Конституцияны өзгөрткөнгө жетишкен. Андыктан,бийликке аттанган Садыр Жапаровдун жана анын айланасындагы адамдардын өлкөнүн негизги мыйзамын өзгөртүүгө багытталган иш аракети эч кимди таң калтырган жок. Ошентсе да Кыргызстанда парламенттик же президенттик башкаруубу деген маселе кабыргасынан коюлуп, бул багытта коомдо кайчы пикирлер жаралып, бир топ саясий кыймылдар түзүлдү.

 Эми  мындан ары Кыргызстандын саясаты жакынкы арада кайсы багытка өзгөрөт? Дүйнө жүзүн каптап келе жаткан таажы тумоонун жаны түрүнө туруштук бере алабызбы? Олчойгон карыздарды, бюджеттеги таңсыктыкты, тамак-аш кымбатчылыгы менен татыктуу күрөшө алабызбы? Аны эми убакыт, тагыраагы 2021 Уй жылы көргөзөт.

Read Previous

Башкы прокуратура: Саламаттык сактоо министрлиги мамлекетке 1 миллион доллар зыян келтирген

Read Next

Жалал -Абадда заманбап ветеринардык сервис ачылды

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *