Кемпирабадды сактап калуунун жолу

Кемпирабад суу сактагычы боюнча кыргыз-өзбек сүйлөшүүсүнүн ачыкка чыккан жагдайлары боюнча элдин пикири жакшы эмес. Билбегендер го “туурабы же туура эмеспи” деп аңкайып турушу мүмкүн, бирок ошол жакта жашагандарга катуу эле тийет. Жакында генерал Исмаил Исаков “жок дегенде буга чейин келтирген чыгымдарды төлөтүп алганга жарабайт белек” деп кыргыз делегациясын сындап чыкты. “Берсек да мынча кенемтебизди кайтарып алышыбыз керек эле, сүйлөшүүдө ошол фактыларды пайдаланыш керек эле” деп өзү билген көп жагдайларды мисал келтирди. Бирок ал деле суу сактагычтын астындагы жерди өзбектердики деген жок. Кыргыздыкы эле деп атат. Дегеле “жери өзбек тараптыкы болчу” деген мааниде пикир айткан бир да саясатчы чыга элек. Өлкөдө социалдык-экономикалык, саясий абал бир топ эле оор. Баалар көтөрүлүп, мигранттар бара турган өлкөлөрдүн өзүндө да коронавирус күчөп улам жаңы чектөөлөрдү киргизип жаткан чагы. Инвестициялык климат оңолуп кетчү түрү көрүнбөйт. Мындай шартта чек ара маселесин Кыргызстандын кызыкчылыгын сактап туура чечпесе коомдогу туруксуздукту гана күчөтөт. Айрыкча мекенчилдик тууралуу сөздөр менен бийликке келген күчтөр буга жооп бериши кыйын болот. Аксы окуялары Үзөңгү-Кууштан башталып Акаевдин кетишине чоң салым кошкон. Каркыра боюнча талаштуу чечим Бакиевдин бийлигинин бетине түшкөн көө бойдон калган. Бул жагынан бизге жакынкы тарыхтан ала турган жакшы сабагыбыз бар. Курманбек Бакиев премьер-министр болуп турган кезде сүйлөшүүгө барганда Сохко коридор ача турган меморандумга кол кое салып, кийин парламентте ызы-чуу чыгып ошол кездеги депутаттардын күчү менен жокко чыгарылган. Кийин башка да жетекчилер кол койгон меморандумдар жокко чыгарылып, бул бир эсе кыргыз тараптын кызыкчылыгын коргосо, бир эсе сүйлөшүүнүн жүрүшү узакка созулушун да шарттап келди. Анткени берип салса сүйлөшүү алеки саатта бүткөнү турат, бирок ал дайыма кыргыз тараптын кызыкчылыгына жооп бере бербейт. Эки тарап тең соодалашып, позициясы, амалы, дипломатиясы, керек болсо чалгын кызматтары менен тирешкени үчүн бул күрөш узакка созулат. Керек болсо ондогон жылдар бою созулган мисалдар дүйнөлүк практикада бар. Жогоруда кеп болгон тактика азыр да жарашы мүмкүн. Бул үчүн бийлик Жогорку Кеңеште депутаттарды омуроолоп азыркы меморандумду колдотуу максатында кыстабай, тескерисинче туура аракеттерди жүргүзүшү керек. Ал кандай аракеттер? Меморандум – бул БУУдан өтө турган акыркы келишим эмес. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө меморандум деген документ ниеттерди билдирген декларацияны гана туюндурат. Албетте, баштапкы документ катары маанилүү. Бирок ал сөзсүз аткарылышы зарыл эмес. Азыркы Жогорку Кеңеш бийликтин айтканынан чыкпайт. Андыктан кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын кабыл албай коюу, ага каршы чыгуу депутаттардын өз кызыкчылыгында экенин түшүндүрүп, буга каршы чыгууга бийлик өзү көндүрүшү керек. Башкалардын колунан келбейт. Болгондо да азыркы чакырылышты тарап кеткиче толук пайдалануу зарыл. Бул эмнеси менен пайдалуу? Биринчиден, Камчыбек Ташиев өзбек тараптагы өнөктөштөрдүн алдындагы жоопкерчилигинен кутулат. “Ооба, биздин ошондой ниетибиз бар эле, бирок биздин парламенттин кыялын билесиңер, кашайып каршы чыгышты” деп айтканына жеңил болот. Экинчиден бул парламентке да жакшы. Жашоо ушуну менен эле бүтүп калбайт. Азыркы санарип доорунда ким кандай документке кол койгону бат эле чыгып калып атат. Шибегени капка ката албайсың. Эртең эле ушулардын бир тобу шайлоого аттанат. Ошондо “Кемпирабадды бергенге каршы чыкканбыз” деп айтканына жакшы болот. Аздыр-көптүр жүзү жарык, бир жылга жакын жеген айлыгын актап кетишет. Муну ич ара сүйлөшүп, бирок жыйынтыгын ачык жасаш керек. Кемпирабадды сактап калуунун азырынча тактикалык ылайыгы ушул. Албетте, кийин да Кемпирабадды кайтарып алыш үчүн сүйлөшүүлөр оор болот. Бирок кыргыз тарап өз аргасын ойлонуп, убакыттан утуш үчүн бул жакшы маневр. Бул бир. Экинчиден Исмаил Исаков айткан жүйөлөрдү да эсептеп чыгып, жакшылап даярданып алып барган оң. Үчүнчүдөн азыркы кыргыз делегациясынын курамы кандай экенин эч ким билбейт, бирок аны мындан ары Камчыбек Ташиев эмес, Мамат Айбалаев аксакал жетектегени жакшы деп ойлойм. Дымакты жыйыштырып, билген кишиге тапшырган оң. “Атаң алтымышка чыкканда алдап-соолап күчүн ал” дегендей, чек ара маселеси боюнча ал кишидей мамлекетчил жана тажрыйбалуу адам чыга элек. Чек ара боюнча чыгып жаткан, маселени жеринен билген активисттерди да чакырып, делегациянын ишине түз кийлигиштирбестен коомдук пикир катары сунуштарын топтой берген оң. Делегациянын негизги максаты – Кемпирабадды берип, анын ордуна компенсация алуу эмес, буга чейин келтирген зыяны үчүн өзбек тараптын алдына маселе коюп, алар экинчи бизден талашкыс кылуу болушу керек. Кааласа суу сактагычын демонтаж кылып көтөрүп кетсин, жери биздики. Аны берип салуу кийин, ачык айтылбай турган жагдайларда бизге пайда алып келе турган көп артыкчылыктарды жокко чыгарат. Андыктан жерин берүүгө болбойт. Кааласа өзбек тарап жаңы ижара келишимин түзсүн, ал башка маселе. Эгерде суу сактагычты берүүнү талап кылышса, өзбек тарап аткара албай тургандай шарттарды коюу зарыл. Делегациянын курамына өзбек же тажик тарап менен жалпы кызыкчылыгы бар, ошол жакка көз каранды болуп калышы ыктымал болгон (милийсасынын колуна түшкөн, кармалып калган ж. б.) адамдарды аралаштырбаш керек. Болсо жакшылап текшерип чыгуу, тиешелүү чара көрүү зарыл. Камчыбек Ташиевдин биринчи аткара турган милдети кайсы? Биринчи иретте экинчи, үчүнчү Алтынбек Муралиевдер жок экенин жакшылап текшерүү. Билсе да баса калып камап салуу эмес. Антсе аны жумшагандар эмне болгонун билип калышат. Тескерисинче акырын эмне билгенин, башкалар тарапка кандай маалымат бергенин билип алып, анын билгендерин жана каршылаш тарап эмне билгенин биздин делегациянын иши үчүн туура пайдалануу. Экинчиден, балким бул эң негизгиси – бүтө элек иштер тууралуу коомчулукка маалымат бербеш керек. УКМК – абдан жумшак айтканда, популисттик иштердин антагонисти. Анын кандай иш жүргүзүп жатканын колдон келишинче эч ким билбеши керек. Каршылаш тараптар коомдо эмне болуп атканын да, жетекчилердин реакциясын да аңдап, талдап, өз иши үчүн пайдаланып турат. Бул эми атайын адистер деле эмес, жөнөкөй эле кишинин логикасы жете турган элементардуу нерселер. Тилекке каршы, ушундай жагдайларды да айтууга туура келип атат. Эгерде ушул айтылгандарды жасап, ушул багытта аракет кылып кыргыз тараптын пайдасына жыйынтык чыгарса Садыр Жапаровдун өзүнө эле жакшы. Биринчиден, кескин түшүп бараткан рейтингин бир аз да болсо кармап турганга жардам берет. Экинчиден коңшулардын өз ыкмасы өздөрүнө да каршы иштей турганын көрсөтө алат (алар президенти бирди айтып, губернатору башканы кылып, орто жолдон элин тукуруп, билмексен болуп алакан жайып ар тараптуу стратегия менен иштешет). Кыскасы, меморандум – бул болгону меморандум. Меморандум тургай чоң эле мамлекеттер менен түзүлгөн расмий келишимдер ачык эле денонсация болгон тажрыйба деле бар, кыргыз тарыхында. Азырынча биздин пайдалана турган жагдайыбыз, ар кандай иш-аракеттерге барышыбызга жол ачкан нерсе ушул. Эгер меморандум келишимге айланып, ал ратификацияланып кете турган болсо чындап уттурганыбыз ошол. Азырынча убакыт бар. Бирок аны туура пайдалануу зарыл.

Жыргалбек Касаболот

Read Previous

Хашим Зайналиев: “Илимде уу коргошундун дары өсүмдүк катары таанылганына 120 жыл болду “!

Read Next

Жатын рагына кабылган бейтап табыптын колунан айыкты

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *