“КМШ өлкөлөрүнүн музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды

Бүгүн, 16-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору КМШга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда музей иши боюнча кызматташтык маселелерин ишке ашырууга, КМШнын улуттук музейлеринен  жыйналган маданий мурастарды таанытуу жана пропагандалоо боюнча аракеттерди бириктирүүгө багытталган. Музей иши, музейлер аралык илимий маалыттарды алмашуу, азыркы технологияларды киргизүү, музейлик предметтерди сактоо, реставрациялоо жана консервациялоо боюнча ар кандай конференциялар, төгөрөк столдор өткөрүлөт, тажырыйба алмашылат.

Мыйзам долбоору  экинчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Read Previous

Тынчтык Алтымышев: Бажы кызматына өндүрүш оюнчукпу?!?!

Read Next

Абалың кандай мугалим?

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *