Коронавирус дагы 527 адамдан табылып, 5 жаран каза болду

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 527 адамдан табылып, 5 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек – 108, Ош шаары – 51, Чүй облусу – 97, Ош облусу – 36, Талас облусу – 15, Нарын облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 59, Жалал-Абад облусу – 105, Баткен облусу – 49 адам илдетке кабылды.

Ал эми акыркы бир күндө 518 адам сакайып чыкты. Алардын ичинен Бишкек – 95, Ош шаары – 20, Чүй облусу – 38, Ош облусу – 69, Талас облусу – 21, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 59, Жалал-Абад облусу – 108, Баткен облусу – 104 киши айыкты.

Өлкөдө жалпы 64 миң 887 адам коронавируска кабылса, 55 миң 824 киши айыкты.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 5 адам каза болду. Бишкекте – 1, Чүй облусунда – 1, Баткен облусунда – 3 киши көз жумду. Жалпы өлкө боюнча 1 миң 193 жаран каза тапты.

Акыркы суткада 3 миң 963 ПЧР анализ жүргүзүлдү.

Стационарда 3 миң 322 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 874 бейтап дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 662 учур катталды, алардын ичинен 3 464 медкызматкер сакайды.

Read Previous

Жапаровдун маалымат жыйынына 234 журналист катышат

Read Next

Жапаров менен Мишустин телефон аркылуу сүйлөшөт

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *