Коронавирус сутка ичинде 400 адамдан табылып, 3 жаран каза болду

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 400 адамдан табылып, 3 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек – 97, Ош – 16, Чүй облусу – 56, Ош облусу – 35, Талас облусу – 19, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 59, Жалал-Абад облусу – 78, Баткен облусу – 37 адам илдетке кабылды.

Ал эми акыркы бир күндө 532 адам сакайып чыкты. Алардын ичинен Бишкек – 128, Ош шаары – 16, Чүй облусу – 58, Ош облусу – 95, Талас облусу – 14, Нарын облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 61, Жалал-Абад облусу – 69, Баткен облусу – 84 киши айыкты.

Өлкөдө жалпы 64 миң 360 адам коронавируска кабылса, 55 миң 306 киши айыкты.

COVID-19 илдетинен 3 адам каза болду. Бишкекте – 2, Ош шаарында – 1 киши көз жумду. Жалпы өлкө боюнча 1 миң 188 жаран каза тапты.

Акыркы суткада 2 миң 851 ПЧР анализ жүргүзүлдү. Стационарда 3 миң 347 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 850 бейтап дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды.

Ал эми бир суткада стационардан 7, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 658 учур катталды, алардын ичинен 3 457 медкызматкер сакайды.

Read Previous

Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрөт

Read Next

Жапаровдун маалымат жыйынына 234 журналист катышат

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *