Коррупция кыргыз элине кайдан келди?

Экономист Сейдалы Мырзакматов фейсбук түйүнү аркылуу коррупция тууралуу кызыктуу ой бөлүштү:

(Алты жыл мурун жазылган экен, оңдобой эле кайта коюп койдум. Себеби эч нерсе деле өзгөрбөптүр ушунча мезгил ичинде)

Кечээ мен бир теманы баштап жазып көрсөм көпчүлүк көп мааниге ала бербеди. Себеби да түшүнүктүү, Мен ФБда көп жылдан бери отурсам да досторум аз.

Азыр коррупцияны айтпаган киши жок. Бирок дүйнөдө кабыл алынган классикалык үлгүдөгү түшүндүрмөсүнөн башка кыргыз интеллигенция чөйрөсүндө толук калыптанган түшүнүк жок.

Бардык саясатчылар, партиялар аны менен күрөшөбүз, жойобуз, тамырын кыркабыз деп айтышат. Бирок бир нерсе менен күрөшүү үчүн анын себептерин билүү керек .

Кыргыз эли дайым эле азыркы системада жашаган эмес . Ошон үчүн өткөнгө бир аз кайрылып койууга туура келет. Падышалык Россиянын администрациясы орногон кезге чейин кыргыз элинде ар заманда ар кандай сот системалары же ошолордун прообраздары болгон. Падышалык Россия басып алардын так алдында болгон ситуацияга гана кайрылсак. Чатактар бийлер жана казылар аркылуу чечилген негизинен. Мен албетте граждандар арасындагы абалды айтып жатам. Башка элдер менен, уруулар арасында башка жолдор менен чечилген.

Ар чөлкөмдө же казы же бий көбүрөөк мааниге ээ болгон. А чындап келсек казы диний иштер боюнча сот деп койсок болот. А бий көбүнчө чарбалык иштер боюнча. Эми атайын институттар болбогондон , эл да жапырт отуракташып жашабагандан кийин бул бөлүүнү шарттуу деп кабыл алсак болот. Бул илимий макала же изилдөө болбогондон кийин маселени бул жерде талашып же чектеп кереги жок.

Эң кызыгы, биздин темага тиешелүү жери Россия империясы кыргыздарга бийлигин толук орнотуп баштагандан кийин болгон. Алар жерлерди уезддерге анан волостторго бөлүшкөн. Биздикилер дароо эле оез жана болуш деп төл сөз кылып алышты. Оез губернаторго, болушу акимге жакыныраак го.

Мына ушул убактан баштап коррупция кыргыз элине келди. Болуш болуш үчүн элди сатып алуу, агитация, бирин-бири коркутуу, шантаж, киши өлтүрүүлөр башталды. Себеби болуштук буга чейинки кыргыз түшүнүгүндөгү бийлик стереотибин таптакыр башка планга алып чыкты.

Болуш деген ал кезде мини хан болгон өз аймагында. Себептери көп: башкысы – элдин караңгылыгы жана падышалык администрациянын өтө күчтүүлүгү. Метрополиянын өзүндөгүгө караганда колонияларда падышалык администрация өтө күчтүү, каардуу жана ырайымсыз болгон. Буга 1916 жылдагы кызылдай кыргын ачык мисал. А метрополиянын өзүндө 1905ж. болгон кандуу жекшемби үчүн эле эмне болгон.

Болуштуктун коррупцияга кандай тиешеси бар деген суроо пайда болот. Алар салык чогултушкан, башка бардык административдик милдеттерди аткарышкан. Кыргыз эли жаңы нерсени өтө тез өздөштүрөт. А терс жактарды андан да тез. Мисалы бир кой салык алыш керек болсо экини алып башташкан. Атактуу Токтогул акын деле ошол болуш талашууга катышып, ак жерден каршылаштары тарабынан караланып сүргүнгө айдалган.

Кайгылуу үркүндү, Улуу октябрь революциясын азырынча жөн эле кое туралы бул чакан макалада.

Сталин башкарып турган убакта жеп ичкичтер аз эле болгон. Көбүнчөсү коркунучтан. Ошондо деле бийлик талашып бирин бири сатып турганын тарых барактарынан билебиз.

Хрущев доорунан кийин, өзгөчө, Брежнев заманында коррупция жана трайбализм билинбестен, бирок мите курттай кыргыз коомун каптап келди. Себеби өзүңдүкүн бербейсиң. Баары мамлекеттики. Ошол ресурстарды бөлүшүүнү талаштан түндүк-түштүк элита арасында билинбеген талаш жүрдү. Бирок Москванын таасири күчтүү болгон үчүн карапайым эл арасында бул көп билинген жок. Интеллигенция жана элита гана ичтен кайрашып турушту, бирин -бири буттан чалышты, анонимка жазгандар пайда болду.

Анан эле же бактыбызга же шорубузга СССР деген кубаттуу империя кулап түштү. Башталды ошондон баштап баш аламандык, же эч кимден коркпостон каалаганын жасоо.

Акаевдай кыйын киши болгон жок коррупцияны жана трайбализмди өнүктүргөн. Бакиев анын өтө күчтүү окуучусу экен. Азыркыларды өзүңөр айткыла.

Жетимиш жыл аралыгында чогулган эсепсиз байлыкты саналуу болбосо да бир нече жүз гана фамилиядагы кишилер бөлүп кетти.

Мына ошол бир нече жүз фамилия ошондон бери кыргыз саясатын, экономикасын тескеп, башкарып, каалаган жолго салып келет.

Коррупциянын себебин айттым: өзүңдүн эмес жалпы элдин ресурстарын каалагандай чайкайсың. Албетте, биринчи өздөрү алат. Анан жакындары, достору, туугандары, жердештери.

Бийликтегилер жердештерин деле көп жакшы көрүп жибере беришпейт. Жандарына топтогуну – аларга көбүрөөк ишенгени, артын азыраак чукуйт.

Башка өлкөлөрдү билбейм, биздин өлкөдө коррупцияны жоюнун жалгыз гана жолу бар. Чиновниктер армиясын минимумга чейин кыскартуу керек. Капитализмде жашап жаткандан кийин, мамлекеттин функциясы аз эле. Алар жөнүндө кечээ жазгам. Аны таап окусаңыздар болот менин хроникаман.

Реформа деп айтканды жакшы көрүшөт кыргыз бийлиги. Чыныгы реформа жасоо үчүн көп ресурстун кереги жок. Каалоо керек.

Азыркы Түрк мамлекетин түптөгөн Мустафа Кемаль так ошол реформаны жасай алган. Эски системаны түп тамырынан жойгон. Ошондо деле, азыр да Туркияда Кемалды жактырбагандар бар. Монархияны жоюп, светтик мамлекет куруп, ислам баалуулуктарын, кылымдар жашаган Осмон империясын жок кылды дешет. Бирок азыркы Туркия так ошол Кемалдын реформалары болбосо бүгүн кайда болот эле, баары түшүнүшөт.

Темадан алысыраак болсо да дагы бир нерселер жөнүндө айтпасам болбос. Совет доорунда кыргызда “чоң” түшүнүгү же термини десекпи пайда болду. Анын кесепети эмнеде: мансапкорлорду өтө сыйлоо жана кадырлоо. Мисалы, азыр баарыбыз эле тойлорго барабыз. Чоңдорго деп эң жакшы орундар камдалат, жакшы устукан, жакшы кийиттер берилет. А ошол чоңдор өздөрү той кылганда карапайым адамдарды эстеп да коюшпайт. Өздөрү тойлошот. Мен көп байкайм: мына биздин бир тааныш же алыс эле тууган чоң болуптур дешип, өздөрү кийбеген кийимдерди, ичпеген тамактарын алып жөнөшөт. Анан да таптакыр тааныбаган эле чоңдор үчүн отуруштарда да, ФБда да кызыл-чеке болушуп эрөөлгө чакырганга чейин барышат бирин бири.

Туугандар, бир да чоң үчүн урушпайлы. Аларга биз керек эмеспиз. Алар бизди шайлоодо жана баштарына кыйын иш түшүп калышса гана эстешет. Советтик доордон калган байлыкка кошуп бизди, жалпы элди да приватташтарып алышкан.

Байкап жүрөсүздөрбү: саясатчылар дайым айтышат, мына менин артымда бул обулус же район турат дешип. Биз эмне алардын менчигибизби. Алар деле биздей эле пенделер, президент баш болуп. Баарына эле президенттик жете бербейт да. Президенттик хандык сыяктуу мураска берилбейт. Көр пенделик кылып эле аларды көкөлөтө бербесек.

Анан дагы бир айтпаса болбой турган маселе бар. Биз кыргыз эли азыр негедир өткөн доорго өтө көп кайрылып идеалдаштырып алганды жакшы көрө баштадык. Албетте, улуу Манас, Кыргыз каганаты жана башка миңдеген атактуулар өткөн. Аларды эч убакта эстен чыгарбашыбыз керек. Манасты өмүрүндө толук окуган кыргыз аз. Аны сөзсүз окуп чыгуу керек. Ал өтө трагедиялуу эпос.

Бирок биз бүгүн кимбиз, эртең кандай эл болобуз. Ушуну айткандар дээрлик жокко эсе. Айтса да популисттик, пропагандалык, мифтик, утопияык түрдө. Он, жыйырма жылдан кийин эң алдыңкы өлкө болобуз, бизге баары суктанат жана ушул сыяктуу. Кудай ошого жеткирсин. Бирок ошондой болуш үчүн, жок эле дегенде стратегия, программа болуш керек да.

Ачыгын айтышыбыз керек, биз кыргыз эли бүгүн өтө артта да, алдыда эмеспиз. Бирок артта калбашыбыз керек.

Глобалдаштыруу процесси чайнап кетпеши керек. Анан да сүйлөгөндө миллиондогон кыргыз эли деп жөн эле ооз көптүрө бербесек. Чынында өтө көп эл эмеспиз. Анын себептеринин бул жерде атоонун кереги жок. Биз үч миллиондогон элдин айланасындабыз. Кытайда кыргыздар көп деген менен алар деле өтө аз. Демографиялык өсүштү ойлоо биринчи мамлекеттин иши. Эл болбосо тил да болбойт, башка да болбойт. АЛА – ТОО КӨРККӨ КЕЛБЕЙТ ЭЛ БОЛБОСО(Барпы).

Read Previous

Узак жол

Read Next

Маматалиев мамлекет жүгүн тарта алат

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *