“Кыргызпатентти” башка бир министрликтин карамагына өткөрүү маселеси бир күндө эле чечилип калабы?!

“Кыргызпатентти” башка бир министрликтин карамагына өткөрүү маселеси бир күндө эле чечилип калабы?! Оптимизация керек. Бирок түптөлгөн системаны бир күндө кулатып салуу такыр туура эмес! Дүйнөлүк практикада Интеллектуалдык менчик жана инновациялар тармактары өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзгөн маанилүү рычагынын бир катары каралат. Мисалга алсак, интеллектуалдык менчик жана инновациялардын зарылдыгын эске алуу менен Россия Федерациясы, Таджикистан Республикасы жакынкы жылдары Интеллектуалдык менчик жана инновация министрлигин түзүүнү пландап жатышат. Ал эми Өзбекстанда жакында Инновациялар министрлиги түзүлдү. Анткени, дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, интеллектуалдык менчик боюнча өз алдынча алектенген ведомстволору бар өлкөлөр (Кытай, Монголия, Туркия, Корея) ушул жаатта өнүгүү жолуна түшүшкөн. Бул тууралуу эл аралык интеллектуалдык менчик индекси боюнча дүйнөдө биринчи турган АКШнын Инновациялар жана саясат глобалдык борборунун изилдөөлөрү далил. Кыргызпатент 1993-жылы түзүлгөн. Алгач ведомство автордук укук объектилерин каттоо менен алектенсе, бара-бара интеллектуалдык менчик объектилерин экспертизалоо ишин колго алып, 27 жыл аралыгында мыкты эксперттерди даярдоого жетишти. Мындан сырткары, маанилүү болгон автордук сый акыларды чогултуу жана бөлүштүрүү иштерин жолго салган. Чыгармаларды өз ишмердигинде пайдаланган 100дөгөн мекемелер (мамлекеттик жана жеке) менен келишим түзүп, чогултулган каражатты ошол чыгарманын авторлоруна бөлүштүрүп берүү функциясын (электрондук системага өткөрүлгөн) өз жоопкерчилигине алган жана ишмердик ийгиликтүү ишке ашырылууда. 2012-жылдан тарта ведомствого азыркы заманбап технологиялар шартында маанилүү болгон инновацияларды өнүктүрүү, аларды колдоого алуу фунциясы жүктөлгөн. Аз убакыт болсо да инновацияларды өнүктүрүү багыты өз жолуна түшүп, инновациялык ишмердик менен алектенүүгө керектүү шарттар түзүлүп келе жатат. Ошондой эле Кыргызпатентке караштуу ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишмердикти колдоо максатында түзүлгөн, авторлордун, ойлоп табуучулардын чыгармаларын, ойлоп табууларын ишке ашырууну каржылаган, жаш чыгармачыл жаштарды колдоого алган Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жана өлкөдөгү жалгыз патенттик-техникалык адабияттар менен камсыздаган Патенттик-техникалык китепканасы өз ишин улантып келишет. 2021-жылдын биринчи жарымында Патенттик-техникалык китепкананын базасында заманбап технологиялар менен жабдылган Кыргызстандагы алгачкы Инновациялык борбор ачуу алдында турат.Жалпылап алганда, бүгүнкү күндө Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо жана экспертизалоо, автордук сый акыларды чогултуу жана бөлүштүрүү, инновацияларды өнүктүрүү функцияларын ишке ашырып келет. Аларды каржылоочуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду, инновациялардын өнүгүүсүнө шарт түзгөн инновациялык борбору көмөкчү болуп келет. Белгиленген үч тармак бири-биринен көз каранды жана аларды бөлүп кароого мүмкүн эмес. Ведомствонун милдеттерин башка ведостволордун карамагына бөлүштүрүү тиешелүү багыттар боюнча ишмердиктин эффективдүүлүгүн төмөндөтөт.Отуз жылдын аралыгында чоң эмгектин арты менен калыптанган мамлекеттик системанын бир бөлүгүн бүлүндүрүү чоң жаңылыштык болуп эсептелинет.

Акжол Доранбек уулу

Read Previous

Акын Эрнис Асек уулун эстеп

Read Next

Эгерде тарифтер менен баалар көтөрүлсө бул менин мамлекетим эмес, душмандарымдын өлкөсү деп эсептейм.

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *