Кыргызстан жарандыгын алган кытай Садыров штабын каржылаганбы?

Фейсбук колдонуучу Эльбек Базаров өз баракчасына Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна жарандыгы Кыргызстан, улуту Кытай Хуан Цзяньхун акча которгондугун жазып чыкты (автордун грамматикасы сакталды):

Мен Садыр Жапаровдун тарапташы дагы, душманы дагы эмесмин! Бирок ылдыйдагы тизмеде С. Жапаровду шайлоодо каржылаган деп, улуту кытай, кыргыз жарандыгын алган ОсОО Хуа- Эр дын кожоюну Хуан Цзяньхун деген жаран боюнча мага жеке куржунга маалымат келип түштү. Эң биринчиси:- бул кытайга ким кыргыз жарандыгын берген!?… Паспорт столдо иштеген сатылма чиновниктерби?!. Ким ага жарандык берсе да кандай шартта берилди, ачыкталып, туура эмес берилсе жооп бериш керек! Дегеле ал ким?!. Мага айткан бирөөнүн маалыматына таянсам, ал биздин өлкөдөгү атайын жалаң кытайлардан түзүлгөн бир топтун мүчөсүнүн баласы экен. Азыр мыйзамсыз курулуштар боюнча соттолуп, иши тергөөдө, шаардык Биринчи Май соту тарабынан тергелип, сот Термечиков аны карап жатыптыр. Ар шаршемби күнү эрте мененки саат 10:00 дө соту уланып, ал айыпталуучу катары иши сотто уланып жаткан жаран экен. Сыймык Жапыкеев ашканада олтуруп айткан Кубанычбек Жумалиевге тиешелүү “Таатанда” учредительдердин катарында, жана көптөгөн бизнестери бар, кыскасы капчыктуу кытай экен. Ошто мейманканасы менимче Пекинь деп аталат деп билдирди. Кыргызстанда курулуш тармагында да иштешип, элитка үйлөрдү курушуп, Ч. Валиханов 2/2 көчөсүндө, жалпы жонунан 3 үйдү сапатсыз курушуп, убадасына турушпай, аны менен кошо ГИЭТБ нын алты кызматкерине кылмыш иши козголуп, курулушта кетирген катачылыктары көп болуп, аны ГСБЭП да изилдеген, бирок жыйынтык жок деп билдирди.

Кыскасы азыр иши сотто жүргөн улуту кытай айыпталуучу шайлоо өнөктүгүнө акча которуп, ылдыйда далили менен турат. Ишенгим келбейт албетте! Каяктагы кытайга күнүңөр түшкүчө, алсаңар да кыргыздан алгылачы!… Биздин арабыздагы саткындар аларга жарандык берип, же бизнесин калкалап, көбөйтүп атасыңар санын күндөн- күнгө. Финансовая Полиция же АКС ушуга окшогондорго көңүл бөлүп, кызыккан журналисттер болсо, ар шаршемби күнү саат 10 го Биринчи Май райондук сотуна келсеңиздер билесиздер ал ким экенин!…

Былтыры эле кафеде бир кытай аңыраңдаган эле, “депутат досума чалам!”- деп коркутуп…. Ансыз да карызга малынганбыз аларга….

P.S. Мен жөнөкөй эле элибиздин келечегине кайдыгер карабаган, катардагы карапайым жаранмын. Анан да посту башка жакка бурмалап, ашынган фанаттар талап кетпегиле!)

Read Previous

Жээнбековдун агасынын сүрөттөрү жок кылынуудабы?

Read Next

Депутаттар түрмөлөрдө кармалган адамдарга карата гумандуу мамиле кылууну сунушташты

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *