Кыргызстанда бир суткада коронавирус 335 адамдан табылды

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 335 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 84 адамдан, Ош шаарында – 28, Чүй облусунда – 107, Ош облусунда – 35, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 15, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 17, Баткен облусунда 22 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 478 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 113, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 100, Ош облусунда – 56, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 64, Жалал-Абад облусунда – 66, Баткен облусунда 47 киши коронавирустан айыгып чыкты”, – деп билдирет штаб.

Read Previous

Дастан Дүйшекеев президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болду

Read Next

Мамытов ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышат

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *