Кыргызстанда бир суткада коронавирус 371 адамдан табылды

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 371 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 69 адамдан, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 126, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 36, Жалал-Абад облусунда – 86, Баткен облусунда 26 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 562 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 114, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 99, Ош облусунда – 48, Талас облусунда – 47, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 50, Жалал-Абад облусунда – 109, Баткен облусунда 68 киши коронавирустан айыгып чыкты”, – деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болгон: Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 636 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 765 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 10 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 2, стационардан 7 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 920 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 608 медкызматкер айыгып чыкты”, – деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 73 миң 178 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 64 миң 711 киши айыгып чыкса, 1 миң 275 адам каза болду.

Read Previous

Нарында жер силкинди

Read Next

Дастан Дүйшекеев президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болду

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *