Кыргызстанда коронавирус дагы 422 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 422 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 130, Ош шаарында – 22, Чүй облусунда – 93, Ош облусунда – 45, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 16, Ысык-Көл облусунда – 51, Жалал-Абад облусунда – 24, Баткен облусунда – 21 адам илдетке кабылды.

Ал эми акыркы бир күндө 516 адам сакайып чыкты. Алардын ичинен Бишкекте – 168, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 78, Ош облусунда – 49, Талас облусунда – 16, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 45, Жалал-Абад облусунда – 50, Баткен облусунда – 92 киши айыкты.

Өлкөдө жалпы 68 миң 316 адам коронавируска кабылса, 59 миң 362 киши айыкты.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 5 адам каза болду. Бишкекте – 1, Талас облусунда – 1, Чүй облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Ош облусунда – 1 киши көз жумду.

Жалпы өлкө боюнча 1 миң 217 жаран каза тапты. Акыркы суткада 3 миң 60 ПЧР анализ жүргүзүлдү.

Стационарда 3 миң 144 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 870 бейтап дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 5, үй шартынан 2 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 776 учур катталды, алардын ичинен 3 521 медкызматкер сакайды.

Read Previous

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 486 адамдан табылды

Read Next

Улуттук банк интервенция жасады

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *