Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 479 адамдан табылды

 Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 479 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 169, Ош шаарында – 26, Чүй облусунда – 77, Ош облусунда – 15, Талас облусунда – 23, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 59, Жалал-Абад облусунда – 64, Баткен облусунда – 45 адам илдетке кабылды.

Ал эми акыркы бир күндө 438 адам сакайып чыкты. Алардын ичинен Бишкекте – 104, Ош шаарында – 17, Чүй облусунда – 53, Ош облусунда – 39, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 42, Жалал-Абад облусунда – 83, Баткен облусунда – 84 киши айыкты.

Өлкөдө жалпы 66 миң 983 адам коронавируска кабылса, 57 миң 760 киши айыкты.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болду. Бишкекте – 2, Талас облусунда – 2 киши көз жумду.

Жалпы өлкө боюнча 1 миң 203 жаран каза тапты. Акыркы суткада 1 миң 293 ПЧР анализ жүргүзүлдү.

Read Previous

Жапаров менен Мишустин телефон аркылуу сүйлөшөт

Read Next

Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Дамира Байзакова каза болду

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *