Кыргызстанды түрө кыдырган бак даават

Абдулла Ташиевич баш болгон “Борбор Азия Багбандар Биримдиги” уюмунун жамааты экинчи ирет Кыргызстандагы бардык аймактарды кыдырып “Бак даават” семинарын өткөрүп жүрүшөт. Бул иш-чаранын максаты: элет элдерине багбанчылыктын жаңы интенсивдүү технологиясы боюнча туура маалымат берүү менен бирге, аны туура өздөштүрүүгө чакыруу болуп саналат. Андан сырткары багбанчылыктын сырлары менен бөлүшүү, таза органикалык түшүм өндүрүү, органикалык жер семирткичтерди пайдалануу, айыл чарба өндүрүшүн жогорулатуу жана жер-жерлерде Багбандар группаларын түзүп, бири бири менен байланышып кеп-кеңеш алуусуна шарт түзүү. Багбандар арасында илгертен камсыздалып калган эски түшүнүктөрдү артта калтырып, жаңы ачылыштарга, жаңы технологиялар менен иштөөгө кадам таштоого чакыруу. Андан сырткары бак тигүүгө, айыл чарбасын өнүктүрүүгө эмне тоскоолдуктар бар экенин изилдөө, элдин пикирин угуу. Айрым көйгөйлөрдү колдон келсе жеринде чечүү же болбосо билген адистер менен байланыштыруу болуп саналат. Көпчүлүккө маалым болгондой, айыл чарба тармагы бүгүнкү күндө аксап турат. Элет 65-70 пайыз айыл чарба тармагында алектенгендиктен, жаңы технология жана жаңы инновацияга муктаж. Бүгүнкү күндө элет элине айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча маалымат жетишсиз. “Ааламга жол айылдан башталат” демекчи, айыл өнүксө, мамлекет өнүгөт. Мамлекет өнүксө, элдин жашоо шарты жакшырат, мамлекетибиз гүлдөп өсөт. Кыргызстан агрардык мамлекет болгондуктан, агрардык тармакка өзгөчө көңүл буруу жана Айыл чарба тармактарын өнүктүрүү үчүн туура багыт берүү, концепция иштеп чыгуу, агротармак үчүн берилчү каржы институттарынын кагаз процедураларын оңойлоштуруу, жеңилдетилген аз пайыздагы кредиттик каражаттарды берүү жолдорун карап чыгуу, айыл чарба үчүн болгон шарттарды түзүп берүү зарыл. Элет элине маалымат булактарын түзүү менен бирге окутуу, үйрөтүү иш-чараларын уюштуруу керек. Бүгүнкү күндө элет элинин талабы ушул экендиги айгинеленип турат. Иш баштайын десе багыт жок, багыт болсо маалымат жок дегендей. Элет эли, багбандар, дыйкандар туңгуюкка кабылып олтурат. Кыргызстан өзүн өзү айыл чарба продукциясы менен толук камсыздай албайт. Камсыздаса да убактылуу бышыкчылык убагында гана. Себеби айыл чарба продукциясын туура сактоо жана кайра иштетүү тармактары жетишсиз. Экспорт маселеси элет элине жомоктой эле болуп калат. Себеби стандарт, сертификат жаатында түшүнүк жок. Кагаз үстүндөгү иштер, белгисиз цифралар, статистикалар менен элет эли өнүкпөйт. “Борбор Азия Багбандар Биримдиги” Багбанчылыктын интенсивдүү технологиясын сунуштап келет.

Алтынбек Эргешов

Read Previous

“Экотартип” – экология сакчылары

Read Next

“Кумтөрдөн” айлык жеген кыргыздар кимдер?

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *