Кыргызстандын аймактарында кар жаайт. 8-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 8-декабрда Кыргыз өлкөсүндө түнкүсүн Чүй, Талас, облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, тоо этектеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдорго муз тоңот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6;

Талас облусунда түнкүсүн -9….-14, күндүз -1…-6;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;

Нарын дубанында түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз бир аз кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз -2…-4 градус болот.

Read Previous

Экс-вице-премьер Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарды – Финпол

Read Next

Коронавирустан каза болгон 30 медиктин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон төлөнүп берилди

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *