Маматалиев мамлекет жүгүн тарта алат

Бириңерден бириң эр, Премьер болчу кимиңер… дегендей, акыркы учурларда Өкмөт Башчылык кресло кимге буйруйт деген суроо коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган чагы. Азыркы “чимкирик” парламент тарап, жаңы парламент келгенге чейин Техникалык Өкмөт келет окшоп калды. Кыргыз саясатынын жазылбаган мыйзамдарына ылайык, Премьер түштүктөн болушу шарт. Ошондуктан бул креслого башка кадр дайындалышы керек. Биздин оюбузча, Премьерликке Алайдын кулуну, комсомолдун, партиянын школасынан өткөн, эгемендик жылдары жергиликтүү бийликтин ар кандай баскычтарында болгон, ЖК депутаты, КР вице-премьер Министри кызматтарын аркалаган Абдрахман Маматалиев ылайык. Сооронбай Жээнбеков учурундагы түштүктүн күчтүү фигуралары Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков, Акматбек Келдибеков, Матраимовдор кланы саясий майдандан сүрүлдү. Жаштардан буларчалык төбөсү көрүнгөн кадрлар жок.

Абдрахман Маматалиев кызмат жолунда түндүк-түштүккө бирдей таанылды, мамлекетке кызматы сиңди. Баш аягы отуз беш жылдай убакыттан бери мамлекеттик кызматта келе жаткан, кайсы кызматка барса да камчы салдырбай иштеп кете турган кадр. Турмуштук, кызматтык тажрыйбасы толуп-ташып турган убагы. Техникалык Өкмөт өлкөнүн чарбасын сарамжалдуулук менен кармап туруусу зарыл. 2010-жылкы Амангелди Муралиев башында турган Техникалык Өкмөт элдин эсинде профессионалдуулугу, кынтыксыз иштегендиги менен эсте калбады беле?.. Эгер Абдрахман Маматалиев Өкмөт башына келип калса, өзүнө окшогон турмуштук жана кызматтык тажрыйбасы жетиштүү Министрлер кабинетин алып келип, өткөөл мезгилдин оор жүгүн көтөрүп кетет деген ишенич бар.  

Read Previous

Коррупция кыргыз элине кайдан келди?

Read Next

Акылбек Жапаров эми эшалондоп жөнөтө берсе болот окшойт…

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *