Мамветинспекция: Аламүдүндөгү өлгөн тооктордо чуманын белгиси жок

Кыргызстанда тооктун чума оорусу катталган эмес жана буга кооптонууга эч кандай  негиз жок. Бул тууралуу Мамлекеттик Ветерианардык  инспекциянын басма сөз кызматкери Рахат Садырбекова Slon.kg агенттигине билдирди.

“Кыргызстанда эч кандай тооктун чумасы оорусу катталаган жок жана кооптонууга да себеп жок”, –  деп билдирди  Рахат Садырбекова.

Анын айтымында, интернет айдынында, социалдык тармактарга Аламүдүн районун айылдарынын бириндеги өлгөн тоокторду өз алдынча жок кылуу аракети боюнча кечээ кечинде чыккан маалыматты жеринен Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору Айдарали Сарыков өзү барып корду. “Бүгүн таңында ал жергиликтүү эл менен жолугушуп бул жасалган мыйзамсыз аракетти токтотуп тооктордун өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн атайын лабороториялык изилдөө жүргүзүүнү жана атайын жайда (Ямма Беккерде) жок кылууну буйруду. Алдын ала визуалдык кароо учурунда тооктор эч кандай оорудан эмес начар кароодон жана кармалуу шарттары туура келбей, жемдин туура эмес берилгендигинен өлгөндүгү болжолдонууда”, – деди Садырбекова.

Эске салсак, буга чеийин социалдык тармактарда Аламудүн районундагы Восход дачасындагы  тоок фермасынын ээси  тооктордун өлүгүн айылдын аймагына ыргытып салгандыгы үчүн жергиликтүү тургундар нааразычылыгын билдиришкен.

Read Previous

Депутаттар түрмөлөрдө кармалган адамдарга карата гумандуу мамиле кылууну сунушташты

Read Next

Ташиев: Соцфонддун жетекчилери чогулткан акчасын, бир партияны каржылоого жумшаган

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *