Мигранттын түйшүгү





Москвада мигрант болуп жүргөн, акын жигит Курманбек Карабалаев социалдык түйүндөргө мигранттарга арналган таасирдүү ырын жарыялады?

Калтырып өмүрүмдүн ай-жылдарын,

Көп көрдүм жаманынан жакшы жагын.

Кирпичи канча болсо Кремлдин,

Ошончо түйшүгү бар Москванын.

Алмашып айыл таңын куш сайраган,

Жулкунган поездерге метродогу.

Мен менен айылымды бөлүп турат,

Үч миң беш жүз километр ортодогу.

Бул шаарда беш жаз өтүп, беш күз өтүп.

Келбейм деп кайра келип, кайра кетип.

Ырыскы бергенине макул болдум,

Ызы-чуу болсо дагы шаарга көнүп.

Бут койбос көк суукту айдап алып,

Бук болуп белди бекем байлап алып,

Уйкуну кечип коюп кээ күндөрү,

Ушул мен иштебедим кайда барып.

Булуттар күндүн нурун өткөрбөгөн,

Бийик үйлөр тоолорду көргөзбөгөн.

Дос күттүм, дос жоготтум ушул шаардан,

Жок тура адамзаты өзгөрбөгөн.

Сагынып айылдагы досту-жарды.

Ойлоном Жалал-Абад, Ошту дагы.

Мен дайым бассам турсам ниет кылам,

Мекендин буйруса экен топурагы.

Москва, көп шаарлардан жакшы шаарым,

Бул шаарга көп сырларды жашырганмын…

Read Previous

Садыр Жапаров Исхак Раззаковдун арбагына арнап куран окуду

Read Next

Мурат Ауэзов: “Учурдагы геосаясий абал «жаңы Россия Империясын» түзүүгө жол бербейт”.

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *