Садыр сага салам кат! Акын Мирлан Самыйкожо Жапаровго кайрылды
Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү Ислам институтунда кыздар үчүн жаңы имарат курулуп бүтүп, ишке берилди.
Институтта 24 саат бою тынымсыз Куран окулуп турмай болду. Мунун өзү бул окуу жайдын эң башкы өзгөчөлүгү болуп калмакчы. Мусулман дүйнөсүнүн ири калаалары Мекке, Мадина жана Стамбул шаарларында жуманын 7 күнүндө 24 саат бою тынымсыз Куран окулуп тураары белгилүү. Институтта окуган кыздар, алардын ата-энелери, окуу жайдын жамааты имараттын курулушуна себепчи болгон инсандардын бардыгына терең ыраазычылык билдиришет.