Садыр сага салам кат! Акын Мирлан Самыйкожо Жапаровго кайрылды
Нарын облусунун аймагында эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 29-ноябрда саат 23:47де катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.
Жер титирөө Кочкор районунун Туз айылында 4 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кум-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Кочкор, Кара-Суу айылдарында 3 балл, Мантыш, Семиз-Бел, Дөң-Алыш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Ошондой эле 30-ноябрь күнү саат 02:18де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган (афтершок).
Жер титирөө Кочкор районунун Туз айылында 3 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кочкор айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.