Экономика

2019-жылдын жарымында ИДП 6.9%га өстү

14 августа 2019 года, 12:19 Рубрика: Экономика

Автор:

2019-жылдын жарымында ИДП 6.9%га өстү

2019-жылдын январь-июлунда Кыргызстандын ички дүң өнүмү 284 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,9 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлаганын «Азаттык» жазып чыкты.

«Кумтөр» кен казуу ишканасын эсепке албаганда быйылкы жети айдагы эсеп 251 млрд. сом болуп, 3 пайызга өстү.

Өкмөт буга чейин 2019-жылдын алты айынын жыйынтыгын чыгарган учурда өлкөнүн ички дүң өнүмү 232 млрд. сомду түзүп, 6,4 пайызга өскөнүн, «Кумтөр» ишканасын кошпогондо өсүш 2,1 пайыз болгонун билдирген.

2018-жылы жалпы өлкөнүн ички дүң өнүмү (ИДӨ) 557 млрд. сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 3,5 пайыз өсүү катталган. Мунун 48 миллиарды Кумтөргө туура келет.

Бөлүшүү:

Megacom