Интервью

Туризим боюнча мыкты ураан ойлоп таап, 5 миң доллар уткан кыз, сынакка 50 ураан жиберген (маек)

25 апреля 2019 года, 17:35 Рубрика: Интервью

Автор:

Туризим боюнча мыкты ураан ойлоп таап, 5 миң доллар уткан кыз, сынакка 50 ураан жиберген (маек)

2019-жылдын 23-апрелинде Бишкекте Кыргызстандын туризмин тааныта турган мыкты ураан түзүү боюнча сынактын жыйынтыгы чыккан. Сынак 2018-жылдын август айында жарыяланып, жалпысынан 6 миңден ашык ураан келип түшкөн.

Анда 23 жаштагы Ажар Сатыбалдиева "Кыргызстан бесконечно уникален!" деген ураанын түзүп, жеңүүчү аталды. Ал 5 миң доллар өлчөмүндөгү баш байгени алды. Аталган сынакты Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен "Leman Ниет-Аракет" чет элдик компаниясы биргеликте уюштурган.

Slon.kg маалымат агенттиги Ажар Сатыбалдиеваны кепке тартып, өзү тууралуу жана сынакка кандайча катышып калганын сурадык.


Ажар, биринчи өзүң жөнүндө кыскача тааныштырып өтсөң?

— Мен 1996-жылдын 18-январында Ыссык-Көл облусунун Каракол шаарында туулгам. Таэнемдин колунда тарбияландым. Каракол шаарындагы Некрасов атындагы орто мектебин бүткөм. Апам Бишкек шаарындагы​ Республикалык диагностикалык борбордо 25 жыл катоочу болуп иштеп, өз күчү менен үй салды. Мен апам менен сыймыктанам.

Мектепти аяктаган соң Бишкек шаарына келдим. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Эл аралык мамилелер факультетинде эки жыл окуп, андан кийин ошол эле окуу жайдын юридикалык факультетине которулуп кеткем. Учурда 4-курсту аяктап жатам.

Сынакка кандайча катышып калдың?

— Сынак жөнүндө досум айткан. Экөөбүз бир окуу жайда окуйбуз. Ошондон кийин катышууга аракет кылдым. Бардыгы биригип 50ү ураан жибердим. Ошонун ичинен "Кыргызтан бесконечно уникален!" деген ураанды калыстар тобу жеңичүү катары тандашыптыр. Мен сынактан жеңип алам деп ойлогон эмесмин. Себеби катышуучулар абдан көп болчу. Уюштуруучулар мага телефон чалышып, мен сунуштаган ураан мыкты деп саналган кыска тизмеде бар экенин айтышып, сыйлоо аземине чакырышты. Бул жеңиш күтүүсүз болду. Акырына дейре кабарым жок эле. Алган сыйлыгымды өз билимиме коротом. Билген чет тилдеримди дагы жакшыртып, чет өлкөгө чыккым келет.

Окуудагы жетишкен ийгиликтериң тууралуу айтып берсең?

2017-жылы 2-курсумда Саратов шаарында Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, баш байгеге ээ болгом. Ошондой эле юридикалык факультетине караштуу юридикалык клиникасында 1 жыл иштеп, сотко өкүл катары жарандык иштер боюнча катышууга тажрыйбам бар. Мындан тышкары кыргыз, орус тилдеринен башка англис жана немис тилдерин билем.

Эмне кылганга кызыгасың?

— Мен өзүмдү чыгармачыл адамын деп эсептейм. Анткени сүрөт тартканды жакшы көрөм. Ошондой эле ыр жазам жана чет элдик адабияттарды окуйм.

Ажар, Кыргызстан сен үчүн эмне?

— Кыргызстан бул - менин сүйгөн жана туулган жерим. Биздин өлкөнүн табияты кайталангыс жана керемет. Келечекте Кыргызстан өнүккөн мамлекет болот деген ниеттемин.

Бөлүшүү:

Megacom