Абылгазиев Бизнес-омбудсмен институтун түзүү жөнүндө токтомго кол койду

8 января 2019 года, 17:05

Автор:

Абылгазиев Бизнес-омбудсмен институтун түзүү жөнүндө токтомго кол койду

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнес-акыйкатчы институтун түзүү боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, институт ишкерлерге юридикалык жактан жардам берүү менен бирге көзөмөл мекемелеринин жана бизнесмендердин ортосунда көпүрө болот. Мындан сырткары өзүнө жүктөлгөн милдеттерге жана укуктарга ылайыкал ишкерлердин кайрылууларын жана даттанууларын карайт.

Бизнес-омбудсмен кызмат ордун каалаган жаран (анын ичинде чет элдик жаран) ээлей алат. Бизнес-омбудсмен кызматка беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Ошол эле учурда бир эле адам бул кызматты эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.

Институтунун өз катчылыгы болот, Бизнес-акыйкатчы жана анын катчылыгы мамлекеттик орган болуп саналбайт жана аларга отчеттуу эмес.

Бизнес-акыйкатчы ишмердигин каржылоо өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн эсебинен ишке ашырылат.

  • Айта кетсек, өткөн жылдын августь айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнес-акыйкатчы институту түзүү демилгесин көтөрүп чыккан.

Бөлүшүү:

Megacom