Происшествия

Адам өлтүрүүгө шектелип 47 жаштагы киши кармалды

10 августа 2019 года, 11:00 Рубрика: Окуялар

Автор:

Адам өлтүрүүгө шектелип 47 жаштагы киши кармалды

Адам өлтүрүүгө шектелип жаткан 47 жаштагы А.К. Меркамедбаев кармалды. Ал кечээ, 9-августта жашынып жүргөн жеринен колго түшүрүлгөнүн Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлаганын "super.kg" жазып чыкты.

"Сузак районунун Жаңы-Жер айылынын 1972-жылы туулган А.К. Меркамедбаев аттуу тургунунун жашынып жүргөн жери аныкталган. Шектүү ыкчам иликтөө жана издөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунан колго түшүрүлдү", - деди басма сөз кызматынан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

27-июлда Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүнүн №182 үйүнөн жашы болжол менен 45-50 жаштагы жарандын бычакталган жансыз денеси табылган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран издөөгө алынган.

Бөлүшүү:

Megacom