Интервью

Айдана Өмүрбаева: Жакшы акча табам десеңиз, IT дүйнөсүнө тезирээк кошулуңуз (маек)

26 апреля 2019 года, 16:24 Рубрика: Интервью

Автор:

Айдана Өмүрбаева: Жакшы акча табам десеңиз, IT дүйнөсүнө тезирээк кошулуңуз (маек)

Сүйүктүү жар, бир уул, бир кыздын энеси, АКШдагы Relativity Software компаниясында DevOps инженери болуп эмгектенген Айдана Өмүрбаева IT тармагы тууралуу Slon.kg маалымат агенттигине маек куруп берди.

- Кыргыздын жөнөкөй бир кызы Америкадагы компаниялардын биринде кантип иштеп калды?

- IT адиси учурдун талабы. Ар бир ийгиликтин аркасында билим жана чоң мээнет турат эмеспи. Менин биринчи кесибим экономист болгондуктан IT дүйнөсүнө кирүү оңойго турган жок. Жолдошумдун колдоосу, күнү-түнү окуу жана эс алуу күндөрү да ар кандай долбоорлорду жасоо өзүнүн жемишин берди.

- IT адистерине келечекте суроо-талап көп болоору айтылууда. Буга эмне себеп?

- Азыркы учурда өнүккөн өлкөлөрдө IT адистерине болгон муктаждык жана таңкыстык чоң. Бул көрүнүш күн санап өсүүдө. Мунун себептеринин бири бул - мамлекеттик мекемелер, билим берүү системасы, медицина, курулуш жана бизнес платформаларынын баары онлайн режимге өтүп жаткандыгы. IT тармагынын өнүгүүсү көптөгөн жумуштарды компьютерлештирип, кагаз жүзүндөгү документтерди онлайндаштырып жашоону оңойлотту.

- IT тармагында көбүнчө мырзалар иштейт. Айымдар үчүн бул тармактын келечеги барбы?

- Айымдар үчүн абдан ыңгайлуу десем болот. Компанияларда апалар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Мисалы, АКШда IT компаниялардын айымдарга арналган түрдүү программалары бар.

- Кыргызстанда IT адисинин келечеги барбы?

-Кыргызстанда Code окуп IT адиси болууга толук мүмкүнчүлүктөр жана каражаттар бар. Мекенибизде жогорку окуу жайлардан, курстардан жана онлайн курстардан окууга болот. Code окуу үчүн чет өлкөгө чыгуунун кажети жок.

"Бул жумуш мен үчүн эмес", "бул балдардын жумушу", "менин компьютерге шыгым жок" же "мен ITге окусам эл эмне дейт" деген стереотиптердин туткуну болбой, IT дүйнөсүнө тезирээк кошулуңуз. IT жумушу жашыңызга, жынысыңызга же өңүңүзгө карабайт. Code үйрөнүп заманбап кесиптин ээси болуңуз жана жаңыча жашаңыз. Ошондой эле дүйнөгө саякат кылыңыз. Жакшы окуу жана заманбап кесиптин ээси болуу менен өлкөбүздүн экономикасына чоң салым кошот деп ишенем.

Бөлүшүү:

Megacom