Ак үйдүн алдына барып түкүргөн жигиттин айыппулду төлөөгө акчасы жок калганы айтылууда

10 января 2019 года, 19:41

Автор:

Ак үйдүн алдына барып түкүргөн жигиттин айыппулду төлөөгө акчасы жок калганы айтылууда

Ак Үйдүн алдына барып түкүрүп, видеосун интернетке жарыялаган Рамис Закирияевдин айып пулдуу төлөө үчүн акчасы жок экени айтылууда. Мындай маалыматты Биринчи май районун Акими Токтосун Султанов билдирди.

Акимдин айтымында атайын түкүргөн жаран айыппулду төлөгүсү келгенин, бирок учурда акчасы жок экенин айткан.

"Келерки жумада Биринчи май районунун кызматкерлери тарабынан комиссиянын жыйыны өтүп, андан соң кортунду чыкмакчы. Эгер айыпталуучу айыппулду төлөбөсө анда айыппулдун тууму өсөт", - деди аким..

Эске салсак,Рамис Закирияев 7-январда Ак үйдүн алдына келип түкүрүп, бул жоругу үчүн акча төлөөгө даяр экенин айткан.

Социалдык тармактарда "түкүрүк баатыр" деген атка конгон бул жигитти милиция 8-январда Тоң районунан кармаган. Андан соң ал Бишкек шаарына алынып келинген. Ал мындай кадамага элдин үнүн бийликке жеткирүү максатында барганын айтып мыйзам чегинде жооп берүүгө даяр экенин кошумчалаган.

Кийинчерээк жергиликтүү маалымат каражаттарына ал кылган кадамы үчүн уялып жатканын айтып, коомучууктан кечирип суроого даяр экенин айткан.

Кийин анын өлкөдөгү көйгөйлөрдү айтып дипломун жана аскердик билетин өрттөп салган видеосу жарыяланаган.

Бөлүшүү:

Megacom