Политика

Алмазбек Атамбаев: "Элге рахмат, мага союш, нан, балмуздак алып келип  берип жатышат"

5 августа 2019 года, 12:18 Рубрика: Саясат

Автор:

Алмазбек Атамбаев: "Элге рахмат, мага союш, нан, балмуздак алып келип  берип жатышат"

Алмазбек Атамбаев: "Элге рахмат, мага союш, нан, балмуздак алып келип берип жатышат"

Мындай пикирин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы эл менен болгон жолугушуусунда айтты:


"Элге ыракмат, эл колунан келишинче жардам берип жатат, бирөөсү букасын, бирөөсү жылкысын жетелеп келип жатат. Кээ бирөөлөр тыйын-тыпырын да алып келип жатышат"-дейт мурдагы президент.

Учурда акча каражат тартыш болгонуна байланыштуу уулунун батирин сатканын кошумчалаган:

"Мен деле эң аягында, мындан эки ай мурун кичүү уулумдун квартирасын саткам чындыгында, акча керек болуп, анан кээ бирөөлөр жашынып тыйынын берип жатат. Кээ бирөөлөр балмуздак алып келип берип жатат. Нан жасап келип жатат. Койлорду биринчи күндөн баштап жетелеп келишүүдө. Мен болгону бир кой сойдум да уятыман. Союлган койлордун экинчиси меники болчу"-дейт Алмаз Атамбаев.

Эскерте кетсек, 27 июнда парламент мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратып, экс-президент макамын алган. Кийин Атамбаевди тергөөчулөр суракка чакырганына карабастан ал ага баруудан баш тартып келет.

Бөлүшүү:

Megacom