Экономика

Атамбаевди кармоо операциясында Бишкек мэриясы 2 млн сом зыянга учурады

14 августа 2019 года, 13:01 Рубрика: Экономика

Автор:

Атамбаевди кармоо операциясында Бишкек мэриясы 2 млн сом зыянга учурады

Үстүбүздөгү жылдын 7-8-август күндөрү Кой-таш айылында болгон окуялар Бишкек мэриясына 2 миллион сом чыгып алып келди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргүзүлгөн. Анда Атамбаевдин тарапташтары менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда жаңжал чыккан. Бул күндөрү Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн 70 автобус бөлүнгөн.

«Бөлүнгөн автобустардын 30унун айнеги талкаланып, бир автобус жарактан чыккан. Баштапкы эсеп боюнча аларды ондоого 2 миллион сом керектелет. Андан тышкары күнүмдүк киреше 100-120 миң сомго азайып, 60 айдоочу убактылуу жумушсуз калды», - деп маалымат беришти Бишкек мэриясы.

Бөлүшүү:

Megacom