Атамбаевдин Индияга болгон сапары башка күнгө жылдырылды

11 үчтүн айы 2019 года, 10:49

Атамбаевдин Индияга болгон сапары башка күнгө жылдырылды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Индияга болгон сапары белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Жолдубаева белгилегендей экс-президенттин эс алуу сапары белгисиз убакытка жылдырылган, ал мында саясат жок экендигин белгилеген.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев 11-январда Индияга эс алуу максатында бара турганы айтылган.

Социалдык тармактарда Алмазбек Атамбаевдин Индияга бара турганы кызуу талкууга алынган.

Бөлүшүү:

ads