Аналитика

Атамбаевдин мурастары: куну жана кесепеттери

15 февраля 2019 года, 14:47 Рубрика: Аналитика

Автор:

Атамбаевдин мурастары: куну жана кесепеттери

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге таандык “Апрель” телеканалы Атамбаевдин мурасы деп эл-журтка даназаланып келет. Курулай шылтоо менен соттотолуп кеткен Бекболот Талгарбеков айткандай “кыргыз элинин башына миң жылда бир келүүчү кырсык” сымал экс-президенттин мурастарынын азабын далайга тартабызбы деген суроого дагы эле күчүндө, бирок ага жооп жок.

Алмазбек Атамбаев өзү мактанган стратегиялык деп аталган долбоорлорду карасак, пайдасынан зыяны көптөй. Экс-президенттин мурастары деп аталган ар бир долбоордун зарылчылыгын эч ким танбайт, бирок куну да кымбат экенин билбеген киши калбады көрүнөт.

  1. Атамбаев башында турган долбоорлордун финансылык зыяны экономикалык чамасы чак бизге окшогон мамлекеттерге өтө оор. Акыркы 6 жылда тышкы карыз 1 млрд доллрага өсүп, 2,6 млрд долларга жетти же ИДП 60% ашканын ар бир жаран билет. Ал долбоорлорду ишке ашырууга алынган тышкы карыздардан далай жылдарда барып кутулсак го жакшы. Кутулбасак эмнебизди садага чабабыз?

    Бир эле Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо мамлекетке мамлекетке келтирилген зыян 111 млн доллардан ашык экенин кечээ парламентте Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жар салды. Четинен казса жемкорлук болгону ачыктала баштады. Азыр кылмыш ишинин алкагында иликтенип жаткан долбоорлордогу жемкорлуктун баасы, келтирилген зыяндар лакапка айланып, аны баладан аксакалга чейин баары билет. Ичте өкүткө, тышта коррупциянын айкын мисалына айланып, шагыбыз сынып туру. Финансылык-экономикалык зыянынан башка дагы кандай кесепеттери бар?
  2. Элдин бийликке болгон ишенимине оӊбогондой доо кетти. Кайсы курулуш, долбоор болбосун (ЖЭБ. Тарых музейи, жолдор, электр линиялары ж.б.), бийлик адамдары, ошону демилгелеген жана ишке ашырган кызмат адамдары кандай жол менен болсо жеп-жутуп, уурдап алат турбайбы, азабын биз, карапайым эл жана биздин тукум тартат экен деген түшүнүк калыптанды. Элдин маанайы чөгөт, духу түшөт. Кийинки мамлекеттик ири долбоорлорго пессимисттик маанай менен мамиле жасалат. Демек мамлекеттик бийликтин эл алдында кадыры кетет. Бул келечектеги улуттук катастрофага алып келүүчү идеологиялык, менталдык пайдубал түптөйт. А мындай учурда эч бир эл, өлкө ийгиликке жеткен эмес.
  3. Алмазбек Атамбаевдин тушунда өлкө башчысы кызматын, мамлекеттик бийликти саясий оппоненттеринен өч алуу каражаты жана мыйзамды тебелеп-тепсеп, алардан кутулуунун бирден бир жолу катары колдонуу адаты күч алды. Атамбаевге каяша айткандар ал өзү ишке ашырдым деп мактанган сот реформасынын жардамы аркылуу адамгерчиликке да, мыйзамга да сыйбаган ыплас ыкмалар менен соттолду. Ушундай зыяндуу тажрыйбага кенен жол ачылды. Эми мындай жаман өнөкөттөн укук коргоо жана сот органдары тээ бир топто барып араӊ арылышы мүмкүн.

Азыр четинен билинип, бизге келечекте далай сыноо жарата турган Алмазбек Атамбаевдин мурастарынын коомдук, менталдык, экономикалык, саясий, идеологиялык куну канчалык экенин далай ирет жон-терибиз менен ар бирибиз сезет окшойбуз.

Автор: Чубак Эсенбек уулу

Бөлүшүү:

Megacom